Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:53

АКШ МЕНЕН ИРАК ЖЕТЕКЧИЛЕРИ АММАН ШААРЫНДА ЖОЛУКТУ


Нарын АЙЫП, Прага 30-ноябрда Йорданиянын борбору Амман шаарында АКШ президенти Жорж Буш менен Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики жолугуп, Ирактагы абалды талкуулады. Бирок пландалган үч тараптуу бийик жолугушуу болбой калды.

АКШ менен Ирак жетекчилери Амман шаарында 29-ноябрда кечинде жолукмак, бирок жолугушуу бир күнгө кечикти. 29-ноябрда президент Жорж Буш Йорданиянын падышасы Абдалла менен кездешип, Жакынкы Чыгыштагы абалды жана Ирактагы жагдайды калыбына келтирүү маселелерин талкуулады.

Падыша болсо ошол эле күнү Амманда - Ирактан келген динаятчылар менен жолугуп сүйлөштү жана Ирак маселеси боюнча кеңири жыйын өткөрүүнү сунуштады, бирок динаятчылардын айрымдары америкалык президент менен жолугуудан баш тартты. Ирактын Ислам динаятчылар ассоциациясынын жетекчиси Харис Сулейман ал-Дари жыйында америкалык аскерлердин дагы, Ирактын өкмөтүнүн дагы колу канга боелгон деп, андай жолугушууга катышпай турганын билдирди. Шийилер өкүлү аятолла Абдел Азиз ал-Хаким болсо - Ирактагы диний аралык кагылышуулар уланса, суннилер утула турганын билдирип, алар сүйлөшүү жүргүзүүгө макул болушун талап кылды, бирок акырында динаятчылар - АКШ президенти Йорданиядан кетмейинче сүйлөшүү жүргүзбөй турганын билдиришти жана премьер Малики менен жолугуудан дагы баш тартышты.

Йорданияга келген Ирак премьер-министри Нури ал-Малики дагы ошол эле күнү падыша Абдалла менен өз алдынча жолугуп, абалды талкуулады. Президент Буш менен кошо келген мамлекеттик катчы Кондолиза Райс Ирак өкүлчүлүгүнүн айрым мүчөлөрү менен жолугуп-сүйлөштү, натыйжада 30-ноябрга белгиленген үч тараптуу сүйлөшүүнү кийинкиге калтыруу чечими кабыл алынды, Буш менен Малики ортосундагы эки тараптуу сүйлөшүү болсо 30-ноябрда эртең менен өткөрүлдү.

"Нью-Йорк таймс" гезити 29-ноябрда жазып чыкканга караганда, АКШ өкмөтү өзүнүн кайсы бир ички документинде Ирак өкмөтү өлкөдөгү абалды жөнгө салууга кудуретсиз болуп жатат деп жазган жана айрым байкоочулардын пикиринде, премьер ошол себептен Буш менен 29-ноябрда кездешүүдөн баш тарткан. Анткен менен, 30-ноябрдагы жолугушуудан кийин Буш премьерди мактап, аны күчтүү жетекчи деп атады: "Ал өтө күчтүү жетекчи жана Иракты эркин жана демократиялык мамлекет катары ийгиликке жетишин каалайт. Андай максатка жетиш үчүн, Америка Кошмо Штаттары ага жардам көрсөтөт", - деди Буш жолугушуудан кийин.

Буштун айтымында, мамлекет катары Ирак чачырап кетишин эч ким каалабайт жана америкалык аскерлер дагы, өлкөнүн өкмөтү дагы ага каршы бардык мүмкүн болгон чараларды көрөт. Андан тышкары, америкалык аскерлер Ирактын өзүнүн куралдуу күчтөрүн машыктырууну ылдамдатат жана Ирак өз коопсуздугун өзү камсыз кыла ала турганга чейин, АКШ аскерлери өлкөдөн чыгарылбайт.

Айрым америкалык эксперттердин пикиринде, Ирактагы абалды жөнгө келтирүү үчүн анын кошуна мамлекеттери Иран жана Сирияны сүйлөшүү жараянына тартуу керек. Башкалардын айтымында, АКШ жетекчилиги ага азырынча эч кандай орчундуу белги бере элек. Ал эми 27-28-ноябрда Тегеранга Ирак президенти Жалал Талабани келип, Иран жетекчилери менен жолугуп кетти жана 30-ноябрда Иран президенти Махмуд Ахмадинежад Америка элине ачык кат менен кайрылды.

Анын айтымында, АКШ өз аскерлерин мүмкүн болушунча ылдамыраак Ирактан чыгарып кетиш керек, анткени өлкөдөгү негизги маселелер сырттан кийлигишкендиктен чыгып жатат. Алыскы өлкөдөгү согушка короп жаткан каражатты болсо Вашингтон өз элинин муктаждыктарына короткону жакшы. АКШ мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Том Кэйси болсо ал катты амалдуу куру сөз деп атады.

XS
SM
MD
LG