Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

АЖЫЛЫК САПАРГА АТТАНЧУ 4500 АДАМДЫН ВИЗАСЫ ДАЯР


Саударабстандан келген консулдук өкүлдөрү Кыргызстандан быйыл ажыга барчу 4500 адамга 30-ноябр күнү виза ачып бүттү. Ош менен Жалалабатта ажыга барабыз деп ниет кылган 200дөй адамга бул жолу кезек жеткен жок. Меке-Мединадагы Кыргызстандын ажылык штабында иштөө үчүн 9 кызматкер акысыз барып келет.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири, ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын башчысы Жолборс Жоробеков ажылыкка – Саударабстанга виза ачуу иштери өткөн жылдагыдай башаламандыкка тушукпай, чыр-чатаксыз аяктагандыгына шүгүрчүлүк келтирди:

-Бизди айрыкча кубандырганы – виза керек эле деп жулунгандар, башаламандык жараткандар жок болду, квота толбой калган да жагдай болгону жок. Ажыга баруу ниетиндеги 200дөн ашык адам Ош менен Жалалабатта кезек жетпей калып кетти. Бирок, аларга биз мурдатан квота жетпей калышы мүмкүн экендигин эскертип келгендиктен чыр-чатак чыкканы жок.

Жолборс Жоробековдун айтуусунда, ажыга барчулардын паспортторун визага даярдоодо бир топ кыйынчылыктар болгон. Маселен, 50 чакты адамдын паспортунда тамгалар ката жазылып, өчүп, сүрөттөр түшүп, же паспорту жыртылып калган. Жергиликтүү ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин жардамы менен аларды кайра калыбына келтирүүгө үлгүрүшкөн. Алтымыштай адам паспортко муктаж болгондуктан – аларды ГАИРТ кезексиз, ыкчам түрдө камсыз кылууга жетишкен.

11-декабрь күнү ажыга алып кетчү алгачкы самолёт Оштон учат, Бишкекте он үчүнөн башталат. Баарысы - беш туристтик авиафирма уюштурган отуздан ашуун самолёт сапарга чыкмакчы. Бүгүнкү күндө ар бир самолётту толук толтуруунун үстүндө иштер жүрүүдө. Маселен, Оштон Жиддага уччу бир гана самолёт бар. Анда 50 чакты гана адам, жарымына да толбойт. Калгандарын Бишкек менен Чүйдөн кетчүлөрдөн толтуруу үчүн жүгүрүп жүрүшөт. “Жанейро Трэвел” фирмасынын деректири Замира Тентимишеванын айтуусунда, бул фирма Бишкектен эки самолёт кишини ажыга алпарууну мерчемдөөдө. Бирок, адамдары эки самолётко бир аз толбой турат. Андыктан алар түштүктүн Бишкектен кетчү кишилери менен толтурсак деп аракеттенишүүдө

Фирмалардын өкүлдөрү фирмалардын эсебинен ажыга акысыз барышат. Ажыга акысыз барчу дагы бир топ бар. Ал топ – Меке-Мединадагы Кыргызстандын ажылык штабынын кызматкерлери. Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Жолборс Жоробековдун айтуусунда, ошол штабда кызмат кылыш үчүн Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен үч адам, муфтияттан үч адам, анан Улуттук коопсуздук кызматынан, Ички иштер министрлигинен, Саламаттыкты сактоо министрлигинен бирден адам жөнөтүлүүдө. Ажыга бара жаткандардын ар бири муфтиятка кайрымдуулук иретинде 20 доллардан акча которот. Жогорудагы 9 адам ошол акчалардын эсебинен барып-келишет.

Акырында айтаар сөз, буга чейин такталган баалар эгерде самолёттор уча баштаган кезде самолёттун күйүүчү майлары кымбаттай түшсө гана бир аз өзгөрүшү мүмкүн.
XS
SM
MD
LG