Энесайлык кыргыздардан албан жыйнаган Кузнецк чебинин элүү башчысы А.Васильев 1652-жылдын 1-декабрында Кузнецкиге кайтып келди. Анын айтымына караганда буга чейин кыргыз жергесине монгол алтынхандарынын адамдары барышып, кыргыздардан албан жыйнашкан. Баскын жасаган монголдордун саны кыргыздарга караганда 4 эсе көптүк кылып, алар жергликтүү калктын жылкы, уйларын айдап кетишкен. А. Васильевдин айтымында кыргыздарга караштуу сагай, табан, бельтыр, үрчүк кыштымдары монголдор келгенде тоо, токойлорго чачырай качышкан.
1667-жылдын 1-декабрларында Сенге тайши баштаган калмактардын көп сандуу колу албан алуу максатында энесайлык кыргыздарга кол салган. Калмактар мындагы монгол алтынхандыгынын саясий таасирине оор сокку урушуп, ишенимдүү адамдарын Красноярскидеги орус бийлигине жиберишкен.
Красноярскиге келген калмак элчилиги, кыргыздар менен тубалыктардын өз мекенине кайтышын талап кылып, Сенге тайшиге мындан ары да албан төлөп туруш үчүн калмактарга аманат таштай тургандыгын билдиришкен.
Айтылуу Шабдан баатыр 1899-жылдын бу күнү орус императору Николай II кайрылуу жолдогон. Шабдан баатыр буга империяга көрсөткөн эмгегин белгилеп, ар бир тарыхый эпизод боюнча аткарган ролун атап өтөт. Буга чейин баатырдын Кененсары хан, Кокон хандыгына каршы күрөшү жана алардын мааниси белгиленет. Шабдан баатыр империяга сиңирген эмгегин дворяндык нарк менен баалап, императордон өзүн жана 10 уулун дворяндык текке алынышын өтүнгөн.
Кашгардагы Россия императордук башкы консулдугу 1916-жылдын 1-декабрында Түркстан генерал-губернатордугуна билдирүү жолдогон. Кашгар консулдугу 1916-жылкы кыргыздардын Кытайга качыш себебин иликтеген. Консулдуктун билдирүүсүнө караганда Кытайга адегенде, согушка баруудан баш тарткан пржевальскилик дунгандар качкан. Алардын кыймылы, кийин козголгон кыргыздарга өрнөк болгондугу белгиленет.
1918-жылдын 1-декабрында Пишпек уезддик жергиликтүү бийлиги эсерлер уюмун мыйзамсыз биримдик деп жарыялап, анын ишине тыю салган. Бу убакта Пишпек уездиндеги саясий партиялар арасында күрөш күчөп, большевиктер социал-революционерлерге каршы ачык чабуулга өтүшкөн.
Пржевальск шаарында Биринчи дүйнөлүк согушта курман болгон жоокерлердин балдарын багыш үчүн 1915-жылдын 1-декабрынан тарта Балдар үйү иштей баштады. Балдар үйү жер которгондор Башкармалыгына караштуу ачылып, анын каржылоо чыгымын да аталган коом көтөргөн.
Бу күнү, СПИДге каршы күрөштүн Бүткүлдүйнөлүк күнү белгиленип, 1835-жылы Ханс Кристиан Андерсендин биринчи жомок китеби жарык көрүп, 1716-жылы француз скульптору Этьенн Морис Фальконе, 1792-жылы орус математиги Николай Лобачевский, 1896-жылы советтик полководец Георгий Жуков, 1945-жылы эстрада артисти Геннадий Хазанов жарык дүйнөгө келген.