Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:55

КЫРГЫЗ САЯСАТЧЫЛАРЫ КАЙСЫ БУКАГА ОКШОШ?


Акаев доорунда Үзөңгү-Кууштун Кытайга сатылышына каршы 28 күндүк ачкачылыктан кийин шейит болгон маркум Шерали Назаркулов, өз бактысын өлкө башкаргандарга гана байлаган эл бактысыз эл болорун, бүгүнкү кыргыз саясатчылары Испан коррида оюнундагы букаларга окшоштугун, алар чүпүрөк кармаган адамды сүзүш ордуна кызыл чүпүрөктү сүзгүсү келип ак жолдон адашып жүргөндөр деп таамай айткан эле… Ошентип алма сабагынан алыс түшпөгөн сыяктуу эле Бакиев да өз устаты Аскар Акаевдин Кыргызстанды итке мингизип салып баса берген жолун кайра-кайра шыпырып, ошол жолдон кыйшайбай кетип баратканын, кезинде Акаев да президенттик менен иши жок Майрам көрөркөзүнүн кашында жылмайып олтурган жеринен улук жазуучубуз Чыңгыз Айтматов алып келгендей, Бакиевди да үйүндө дүйнөкапар мантуу жеп отурган жеринен Бекназаров апкелгенин… Кыргыз элинде калыс, эл деген азаматтар азайып, карандай калпка көкүрөгү сугарылган жалган патриот жинди чалыштар 24-марттан кийин коолап чыккан козу карындай көбөйгөнүн «Апта» гезити Алмазбек Эркебай уулунун макаласы менен сөз кылат. Ушул эле гезитке «Элдик революцияны коргоо кыймылынын» ХИПИКке каршы каты жарыяланды. Кат ээлери бул прграммага жетелеп бараткан бийлик чиновниктерин эл душманы деп эсептээрин айтып, карыздан кутулуунун айрым бир жолдорун сунуштаган.

«Айкын» гезити дүрбөлөңдүү ноябрь күндөрүндө «Реформа үчүн» кыймылы уюштурган митингдин активдүү катышуучусу Үрниса Турдиевага сөз берет, Үрниса айым ошондон кийин Жалал-Абаддагы үйүнүн балконундагы айнектерди күбүп кетишкенин, бийлик уюштурган ажаан аялдар артынан кубалап жетпей калышканын,15 жыл мурда Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында окутуучу болуп туруп иштен статья менен бошотулганын, анткени окуу жайдын мугалимдеринин өзү окуткан кыздардын боюна бүтүргөн айбанчылыктарын ачып, паракордукка каршы күрөшкөнү үчүн иштен айдалганын кеп кылат.

«Алас» гезити аркылуу Кыргызстандын ансыз да кыйрайып турган моюнуна сыйыртмак салыш үчүн ХИПИК аттуу программага сүйрөп бараткандар, биздин энергосистеманы, тоо-кен өнөржайына караштуу кымбат нерселерибиздин баарын эптеп менчиктеп алуу үчүн Өкмөт төбөлдөрү далбас уруп жатканын, бул программага кирчү 7 шарттын бешөөн эларалык финансы уюмдары койсо, калган 2 шартын (энергосистема менен тоо-кен өнөржайын) кыргыз өкмөтү койгонун, ХИПИКти колдоп атышкан президентиби же премьер-министриби, жакында депутаттардын эки бутун бир кончко тыгып же жогоруда аттары аталган тармактын болчок ээлерине 10-20миң доллардан берип сатып алышы мүмкүндүгүн… ачыгын айтканда азыр мамлекеттик бийлик «Башы жок чабандеске» айланганын кейиштүү далилдер менен баяндайт экономика илиминин доктору Айылчы Сарыбаев.

Ушул эле гезит Юстиция министри Марат Кайыпов мырзадан, «Билон» деп аталган жабык акционердик коомуна 2000-жылы мамлекетке 31млн.524миң 455 сом төлөбөгөндүгү үчүн кылмыш иши козголгонун, «Билон» мындай финансы «талканын» Акаевдин эле эмес Бүткүл Кыргыздардын ардактуу күйөө баласы Адил Тойгонбаевге таандык Кант цемент-шифер заводу менен биргелешип чалганын, эң башкысы ошол чуулгандуу «Билондун» уюштуруучулары- КИРИЧЕК СЕРГЕЙ ВЯЧЕСЛАВОВИЧ, БАКИЕВ МАКСИМ КУРМАНБЕКОВИЧ жана СУЙМАЛИЕВ НУРЖАКЫП ОКИНОВИЧ деп бакыйып жазылып турганын, анан козголгон кылмыш иши эмне үчүн жабылып калганын, Максим Бакиевге түздөн-түз тиешеси бар бул ишкана эмне үчүн Юстиция министрлигинин маалыматына «кирбей» калганын сурап, атын «Адилет» деп атаган министр мырзадан адилет жооп алгысы келгенин жазган.
XS
SM
MD
LG