Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:15

БОРБОР АЗИЯНЫН «КОНГОСУ» КЫРГЫЗСТАН БОЛОБУ?


«Белый пароход» гезити, Кыргызстандын каржы министри Акылбек Жапаровдун ойлоруна орун берген, министр мырза ХИПИК программасынын өлкөгө тийгизе турган байда-батасы тууралуу кеп кылган. Ушул эле гезит «Кыргызстан Конго менен Зимбабвенин ортосунда» деген макаласында Кыргызстандын жаңы бийлиги тышкы карыз маселесине келгенде өтө эле радикалдуу кадамдарга баруудан баш тартпастыгын, алтургай Курманбек Бакиев мамлекеттин карызынан кутулуш үчүн негр болуп кетүүгө даяр тургандыгын, эгер бул программа бийликтин бир ууч төбөлдөрү ойлогондой Ала Тоонун төрүнөн орун алса өмүр бою өтүгүн чечпей тайраңдап өтөрүн, кыргыз эли «Кыргызстандын ээси менмин» деген аялуу сезимден биротоло кол жууп каларын баяндаган.

«Бишкек таймс» гезити, бир катар ишкерлер Кыргызстанды тышкы карыздан кутултуу фондун түзүп, алды акча которуп баштаганын, бир ишкер 20 миң доллар кошконун, капчыктуу жигиттер А.Салымбеков, К.Байболов,Т.Эгембердиев, Т.Сариев,Т.Керексизов дагы кошумча кошобуз деп турганын кабарлаган.

«Агым» гезити экономика илиминин доктору, професссор Айылчы Сарыбаев менен ишкер Өмүрбек Абдракманов экөөнүн ХИПИКтин тегерегиндеги «тегерек үстөл» маегин жарыялады. Экономист Сарыбаев мырза Кыргызстандын мойнунда турган 2 миллиарддын 1,5 миллиарды мамлекетти реформалоо үчүн берилген менен ал өндүрүшкө жумшалбай, кайра казына ыгым-чыгымын таптешик кылууга короп, сомдун курсун ордунан ойдолотпой кармап турууга кеткенин, эпадам менчикке берилген ишканалардын баары дүркүрөп иштеп кеткенде Казакстанга камчы салдырбай өнүгүп кетмегибизди, бирок ХИПИККЕ кирүүгө каршы экендигин айтса, ишкер Абдыракманов мырза, миллиарддаган доллар деген оңой нерсе эместигин, ал керек болсо Кыргызстандын эки жылдык бюджетине барабардыгын, азыр ар кимдер чуу түшүп жаткандай дүйнөлүк финансы уюмдары Кыргызстанды ХИПИКке киргиле деп зордобой эле, коррупцияны жоготкула, мамлекетиңерди ачык-айкын башкаргыла деп атканын, тилекке каршы бийлик башындагылар аларды жасагысы келбей, ордуна энергосектор менен тоо-кенибизди бере койгулары келип, березовский-мерезовский, будуң-чаң кылып, ХИПИКтин шылтоолоп ГЭСтер менен КЕН байлыктарын өзүлөрүнө менчиктеп алгылары келип жатканын айтат.

«Кыргыз руху» учурда уу-дуу кептин бутасына айланып келаткан парламенттин тарайт-тарабайт маселесине кайрылып, президент Бакиевдин парламентти таратуу мүмкүнчүлүгү кенен эместигин, депутататтарды таратуу боюнча чоң адис Топчубек Тургуналиевдин сценарийи бул ирет майнап бербестигин, ал бери эле болгондо «ормон опуза» бойдон каларын, анан дагы бир себеби, парламентте Бакиевди колдогон депутаттар азчылыкты түзөрүн, таратуунун балким бир гана жолу, аткаруу бийлиги менен парламент ортосундагы карама-каршылык күчөп кетсе, президент өкмөттү тандап алуу менен парламентти таратып жиберсе болорун, бирок мындай жол кыска көрүнгөнү менен өтө опурталдуу экенин, себеби, анын бир учу айланып келип эле президенттин өз башына тиерин, айтор жумгактап айтканда депутаттарды тараткандан БААРЫ тең- ПРЕЗИДЕНТ да, ПАРЛАМЕНТ да, ЭЛ да утуларын публицист Үсөн Касыбековдун макаласы аркылуу баяндаган.

Кыскасы, бүгүн жарык көргөн «Жаңы кылым», «Жаңы ордо», «Новый Кыргызстан», «Кыргыз туусу», «МСН» гезиттеринде козголгон башкы темалар ХИПИК программасы жана Парламенттин тарашы же тарабашы жөнүндө болгон.
XS
SM
MD
LG