Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:22

БАТЫРКУЛ БАЕТОВ: КЫШКА ДАЯРДЫК ЖАМАН ЭМЕС, ЖАКШЫ ДА ЭМЕС


Маектешкен Венера Сагындык кызы, Прага Бүгүн 1-декабрь кыштын алгачкы күнү. Бишкекте, Кыргызстандын жер-жерлеринде кар жаап, кышкы суук кылычын жалаңдатып турган кез. Үйүңөр жылуубу? Отун, энергетика маселелеринин тегерегинде «Азаттык» менен Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы энергетика боюнча инспекциянын статс-катчысы Батыркул Баетов ой-пикир алышты.

- Кечээ Бишкекте өткөн маалымат жыйынында электр тармагындагы жоготуулар менен элдин карызы көп болуп жаткандыктан электр тармагындагы оңдоп-түзөө иштери ойдогудай жүргүзүлгөн жок деп айтылды. Бул кыштын күнү электр менен камсыздоодо проблемалар көп болот дегенди түшүндүрөбү?

- Жок, андай ызы-чуу болуштун деле кереги жок. Анткени, кышка даярдыкты бир беткей айтыш өтө кыйын. Өкмөттүн токтомунда бүт министрликтер, региондор камтылган, биз ай сайын маалымат берип турабыз. Жакшы десем да, жаман деп айтсам да калпычы болом. Анткени, жаман деп айтайын десем, кышка даярдык боюнча былтыркы жылдарга караганда бюджеттен 141 млн. сом көп бөлүнгөн республикадан 1,6 млрд. сом. Ошонун 1-ноябрга 87 пайызы 1,4 млрд. сому ишке киришти, берилди. Льготниктерге 37 млн. сом 100 пайыз берилди. Бишкекте ТЭЦке мэрия ремонт кылганга, көмүр ташып келгенде керектүү каражаттын 90 пайызын берди. Ушундай сыяктуу материалдар бар менде.

ТЭЦтеги көмүр былтыкы ушул күндөн 20 миң тоннага көбүрөк. Мазут 400 тоннага көбүрөк. 2758 котельный, объектилер бар. Саламаттыкты сактоо, билим берүү жана башка министрликтер, алардын 97 пайызы кышка даяр болду бүгүнкү күндө. Ошон үчүн мен жаман даярданып атабыз деп айтсам калпычы болом. Ал эми жакшы даярданып атабыз деп айтайын десем, ремонтко, жаңы курулушка биз ансыз деле акчаны аз карайбыз. Ошонун дагы электр станция менен 63 эле пайызын өздөштүрдүк. СЭЗ Бишкектеги катлоагрегат, трубоагрегаттардын иштөө даярдыктары начар.

- Бишкектеги көп кабаттуу үйлөргө жылуулук толук камдуу берилген жок деген маалыматтар жарыяланды. Себеби ошондо го?

- 52,7 млрд. сом керектөөчүлөр карыз. Кечээ ошол жерден Лисичкин айтпадыбы, бул акыркы жылдары болуп жылда болуп келаткан окуя, 30 пайыз жылуулук азыраак берилет, ошон үчүн кээ бир райондорго жакшы жетпей калат деп, кечинде эле телевизордон берди.

- Шаардыктарды эле айта бербей, айылдыктарга келсек. Айылдыктарды көмүр менен камсыздоо иши кандай болду? Же элдин аны да сатып алууга акчасы жокпу?

- Бизде облустардан келген маалыматтарга ылайык көмүр менен камсыздоо белгиленген, тапшырмалар коюлган. Мен ТЭЦ жөнүндө былтыркыдан көбүрөк деп айттым, ал эми региондордо облустук госадминистрациялардын берген маалыматтары боюнча көмүр менен 100 пайыз камсыз болду. Айтып коюшум керек, 86 пайыз республика боюнча даярдалган көмүр 1 млн. 57 миң тонна. 86 пайыз 1-ноябрга жаман көрүнүш эмес.

- Электрди уурдоо деген чоң проблема эмеспи Кыргызстанда. Бул да энергетика тармагына көп кесепетин тийгизип келатат.Аны азайтууда жылыш барбы?

- Жылыш бар. Азыр жалпы электр энергиясы боюнча жоготуу 37 пайызды түздү он айдын ичинде. Бул былтыркыга карганда 2,7 пайыз аз, бул да жакшы көрүнүш. Электр энергиясын туура пайдалануу дегенди биз түзүп, анча-мынча рынок шартына туура келтирип, Минюстка бергенбиз. Бул бүгүнкү күндө регистрациядан өтсө жардам болот эле. Уурдагандан башка төлөбөгөндөр да бар. Төлөбөгөндөн башка мурунку карызды бербей жаткандар да бар.

- Негизи биз кандай жакшы статистикалык цифраларды айткан күндө дагы негизи кийинки жылдары айылдарда элдин көбү тезек жагып, шаарларда электр мештер менен үйлөрүн жылытып отурганы жашыруун эмес. Негизи өкмөттүн бул көрүнүштү оңдоодо энергетикалык стратегиясы барбы?

-Мисалы, кышында электр энергиясы бүгүнкү чыгарып аткан көлөмү өзүбүзгө зорго жетет. Бүгүнкү күндө жылдан-жылга эл көп колдонуп атат. 53 млн. киловат саатты бүгүн суткасына колдонуп атабыз. Былтыр эң кыш кычырап турганда күнүнө 63 млн. болгон. Мурунку жылы 61 млн. болгон. Жыл сайын өсүп атат. Биз муну иштеп чыгуучу ГЭС куралы деп атабыз, ага инвестор издеп атабыз. Камбарата ГЭСи турат жарымы бүтүп, жарымы бүтпөй. Ошого инвесторлорду тартып келип өзүбүздүн өндүрүштү көбөйтмөйүнчө, жайында электр энергиябызды саталбайбыз. Казакстанга саттык 1,7 млрд киловатт саат. Кышында өзүбүзгө зорго жетет. Силер айтпадыңарбы, Тажикстанга жетпей атат деп. Биздики өзүбүзгө жетет, бирок өтө кыйынчылык менен, анткени элдин баары электр энергияга өтүп алды.

XS
SM
MD
LG