Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:55

КЫРГЫЗСТАН "ХИПИК" ПРОГРАММАСЫНА: КИРЕМ, КИРБЕЙМ!


Өтүп бараткан апта ичинде кыргыз коомчулугу ХИПК программасына кирүү, кирбөө маселесин кызуу талкуулады. Программага кирүүгө каршы болгон тараптар нааразылык акциясын уюштурду. Ал эми өкмөт менен Дүйнөлүк банктын миссиясы ХИПК программасына кирүүнүн шарттары боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады.

Кыргызстан коомчулугу активдүү түрдө талкуулап жаткан ХИПК программасы 1996-жылы пайда болуп, анын атынын кыргызча чечмеленүүсү «Көп карызы бар жакыр өлкөлөр үчүн демилге» деп аталып, мына ошол жакыр өлкөлөрдүн карызын жеңилдетүү милдетин алганы айтылат. Бул программага 20 жылдан бери Африка жана Түштүк Американын эң жакыр өлкөлөрү тартылып келатканы белгилүү. Азия, КМШ мамлекеттеринен Кыргызстан алгачкылардан болуп тартылууда.

29-ноябрда Дүйнөлүк банктын Кыргызстан боюнча башкы экономисти Роланд Кларк баштаган делегация Бишкекке келип, ХИПК программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады. Дүйнөлүк банктын делегациясын кыргыз жаштар уюмдары «ХИПКе жок!» деген ураан менен тосуп алышты.

ХИПК маселеси президент жана өкмөт башчынын катышуусунда 30-ноябрда талкууланып, анда биринчи вице премьер-министр Данияр Үсөнов программага кирүүнүн шарттары тууралуу өзү жетектеген жумушчу топ иштеп чыккан талдоолорду, сунуштарды ачыктаган.

Өкмөт башчы Феликс Кулов «Вечерний Бишкек» гезитинде окурмандар менен болгон суроо-жоопто, Кыргызстандын ХИПКке кирүүсүнүн шарттарын кыргыз өкмөтү дүйнөлүк каржы уюмдарына сунуштаганын жана ал кабыл алынса гана программага кирүүгө болорун билдирди. Ал кандай шарттар экенин экономика жана каржы министрлигинин статс катчысы Азамат Дыйканбаев буга чейин маалымдаган. Ал Кыргызстандын каржы саясатын эркин жүргүзүүсү, реалдуу экономикага өзүнүн ээлик кылуусу жана башкаруусу.

Мурунку вице премьер-министр Базарбай Мамбетов кыргыз тарап дүйнөлүк каржы уюмдарына андай шарттарды кое албайт дейт:

-Биздин өкмөт андай шарттарды кое албайт. Тескерисинче Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банк бизге шарттарды коюп жатат. Биз мурда эле 2003-жылы экономикалык саясат боюнча негизги меморандумга кол коюп бергенбиз. Ошондо жазылган биздин өкмөттүн эмнеге мүмкүнчүлүгү бар экени, эмне кыла алаары. Эч кандай мүмкүнчүлүгү жок. Ал жерде толугу менен башкаруучу, тескөөчү функцияларды ошол органдарга өткөрүп бергенбиз. Эгерде биз ХИПКе кирсек анда өкмөттүн да, мамлекеттик органдардын деле кереги болбой калат. Анткени баарын Дүйнөлүк банк менен Валюта фонду башкарып калат.

Ошентип ХИПК программасына каршылык олуттуу жана ар тараптуу болууда. Коомчулуктагы мындай ишенбөөчүлүктөргө байланыштуу Президент бул программа ачык талкууланып, чечим парламентте кабыл алынат деген.

Парламенттин ХИПКти колдоосу күмөндүү. Маселен, Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Ахматбек Келдибеков ХИПК программасына карата мындай пикирин билдирген:

-Менин жекече оюм, бул маселени палатада карап, токтотуп калбасак, дагы беш жылдан кийин бүгүнкү абалдан да жаман кырдаалга туш болобуз.

Каржы жана экономика министри Акылбек Жапаров алгач ХИПК программасын жактап, бирок андан кайсы шартта баш тартууга болорун билдирген:

-Биз дагы эгерде ХИПК программасы биздин намысыбызга, экономикабызга терс таасирин тийгизсе, анда катышпайбыз деп айтканбыз. Муну президент да, премьер-министр да башында эле айткан.

ХИПК программасына кирүүнү жактагандар Кыргызстан 2 миллиард доллар карызын өз алдынча төлөй албай калат. Эгерде төлөймүн десе, анда пенсия, бюджеттик айлык акыларды кыскартууга, социалдык программаларды жабууга мажбур болот деген жүйөөлөрдү келтирүүдө.

Өлкөнүн аттуу-баштуу экономист, финансисттери болсо экономиканы өнүктүрүү жолу менен гана бул абалдан чыгуунун жолун көрүп турушканын билдирүүдө. Мурунку вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов ХИПКтен баш тартып, Азия мамлекеттеринин жардамы менен ири долбоорлорду аткарууга киришүү зарыл дейт:

-Ошол долбоорлордун ичинде Камбарата-1-2 ГЭСтери, Кытайга бара турган эл аралык Ош-Сарыташ-Эркечтам автомобилдик жолу, Кыргызстан-Кытай темир жолдун түндүк варианты, Суусамыр-Талас-Тараз жолун куруу керек. Андан сырткары жибекчилик, тери, жүн баарын кайра иштетүүнү колго алыш керек.

Ал эми калкка болсо 2 милиард доллардын кайда жумшалганы тууралуу ачык маалымат берүү зарыл деген Мамбетов ал акча реалдуу экономикага жумшалган эмес дейт:

- 2 миллиард доллардын көбү эле реалдуу экономикага жумшалган эмес. «Акыл-эстен» кур калган биздин мурунку жетекчилер техникалык жардам, сомдун курсун кармоо, кайра курууну институционалдык колдоо деген сыяктуу нерселерге акча алышкан. Менин айтаарым, биз келерки жылдан баштап чет жактан бир тыйын да албашыбыз керек.

Дүйнөлүк банк менен кыргыз өкмөтү ХИПК программасы боюнча 15-декабрга чейин сүйлөшүү жүргүзөт. Мына ошонун жыйынтыгы боюнча маселе парламенттин кароосуна коюлушу ыктымал.
Бирок, Улуттук банктын төрагасы белгилегендей ХИПК программасы бара-бара экономикалык проблемадан, курч саясий проблемага айланып, калк ичинде терс пикирге кабылып отурат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG