Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

09: 00 «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү кайрадан УКК абагына камалды


Бишкек шаар соту кечээ Бакыт Калпетовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндө Биринчи май райондук сотунун мурда күнкү чечимин жокко чыгарды. 23-ноябрдан бери УКК абагында отурган Бакыт Калпетовду райондук сот депутаттар Өмүрбек Текебаев менен Болот Шерниязовдун кепилдиги менен камактан бошоткон эле. Ал МТРКнын баш деректиринин орун басары Бейшенбек Бекешовго кол көтөргөн деп айыпталууда. «Ата Мекен» партиясы шаардык соттун чечими шашылыш түрдө, айыпкерге жана адвокатка прокуратуранын арызы тааныштырылбай туруп чыгарылганын белгилөөдө. Бакыт Калпетовдун адвокаты Жумабек Шакиров шаар сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен эми Жогорку сотко кайрылаарын билдирди. (SM)

XS
SM
MD
LG