Бул тууралуу анын адвокаты Райымкул уулу Касымбек бүгүн билдирди. Анын айтымында, шаардык сот мыйзамдарды бузуу менен Биринчи май райондук соттун чечимин жума күнү жокко чыгарып, Бакыт Калпетовду кайрадан абакка салды. «Атамекен» партиясы болсо "Реформа үчүн" кыймыл менен биргеликте саясий акцияларды уюштурат, деп белгиледи Райыкул уулу Касымбек.