Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Маалыматка караганда, премьер-министр өкмөттүн структурасын аныктап, аны кат жүзүндө парламентке сунуштайт. Ал эми Жогорку Кеңеш ошол каттын негизинде өкмөттүн структурасы жөнүндө мыйзамды кабыл алат. Азырынча структуранын кандай болоору өкмөт башчыга гана маалым.