Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:12

ЧЫНЫБАЙ ТУРСУНБЕКОВ: “ХИПИККЕ" КИРГЕНДЕН КӨРӨ, АКЧА ЧОГУЛТУП КАРЫЗДАН КУТУЛГАН ОҢ»


Маек курган Венера Сагындык кызы Ушул күндөрү Дүйнөлүк банктын миссиясы кыргыз өкмөтү менен тышкы карызды төлөө маселесин талкуулап жатат. Ал тапта карызын төлөй албай калган жарды мамлекеттер үчүн түзүлгөн “ХИПИК” программасына кирүүгө каршы Бишкекте бир нече күндөн бери пикеттер уланууда. Ушул окуялардын тегерегинде белгилүү ишкер, “Акун” фирмасынын президенти Чыныбай Турсунбеков «Азаттыктын» суроолоруна жооп берген.

-Өкмөт көптөн бери айтып келе жаткан “ХИПИК” программасынын оң, терс жактары менен тааныша алдыңызбы, ага көз карашыңыз кандай?

-Тилекке каршы бул программанын оң, терс жактары жөнүндө коюлган шарттар ачык түрдө жарыяланган эч бир жерде документ жок. Ошондуктан бул жөнүндө ар кимдин айтканынан улам мына азын оолак тааныш болуп жатабыз. Мындан сырткары бир эки жума мурда уюштурулган тегерек үстөлдө соода жана каржы министринин өкүлү бир аз түшүндүрмө берди. Бирок анда деле орчундуу эч нерсе айта албай жатат. Ошон үчүн бул программаны бизге элге пайдасы бар же элге зыян деп айтыш, мамлекетке зыян же пайдалуу деп айтышка кыйын болуп турат. Бирок бир эле нерсе бул программага кирет же киргизилген өлкөлөрдүн тизмесин карап көрсөңүз Африкадагы негизинен өтө жарды аты таанылбаган өлкөлөр болуп жатат. Бир эки Латын Америка өлкөлөрү болуп жатат. Мунун өзүнө кириштин өзү эле бизди биринчи кезекте кыргыздын атуулдарын башка өлкөлөрдүн атуулдарынын астында кемсинткент абалда коюп жатат. Эгерде биз башка өлкөлөр менен келишим түзсөк же кандайдыр бир инвесторлорго барсак, алар бизге ишенбестик менен карай тургандай болуп турат. Бул программаны биз кабыл алсак “силер алган карызыңарды төлөй албаган өлкөнүн өкүлүсүңөр” деген мамиле болору айдан ачык болуп турат.

-Айрым ишкерлер жана катардагы эле адамдар тышкы карызды азайтуу фондун түзүп, акча топтой баштады. Бирок ошол эле маалда эки миллиард долларга жакын кредиттин эсебинен убагында байып алган чиновник, экс-чиновниктер төлөсүн, мерседестерин сатсын деп айткандар андан көп. Буларга эмне деп айтаар элеңиз?

-Эч качан элдин, өлкөнүн эсебинен байып жаткан чиновниктер чөнтөгүнөн бир тыйын чыгарып, элге бербейт. Мен муну башыма кийген бөркүмдөй көрөм. Анткен себеби мен көп эле чиновниктерди көрүп жүрөм. Алар чөнтөгүнөн бир тыйын чыкса, бүткүл дүйнөнүн акчасы кетип жаткандай мамиле кылышат. Ошон үчүн чындап эле өлкөнүн атуулдары чөнтөгүнөн акча чыгарып, көнгөн адамдар бар. Бул биринчи кезекте ишкерлер жана жөнөкөй эл. Мисалы көп түркүрсө көл болот дейт. Жүз сомдон, эки жүз сомдон ишкерлердин алды беш-он миллион, арты бир миллиондон чогултуп берсе, жок дегенде биринчи жылдары бул кыйынчылыктан чыгып кетерине мен ишенем.

-Ишкер катары айтыңызчы соңку бир жарым жыл ичинде коррупциянын деңгээли азайдыбы же өстүбү? Паракордук, лиценцияларды сатмай, шапка алмай дегендер азайдыбы?

-Ачыгын айтканда эл оозундагы сөздөргө караганда тескерисинче өcтү. Көбөйүп кеткен суммасы үч эсеге өскөнү айтылып келе жатат. Анча мынчасына биз өзүбүз дагы күбөбүз. Акчасыз иштешкен чиновник бүгүнкү күндө жок. Ар бир кол коюлганга сатылат. Бул биздин баарыбыздын башыбыздан өтүп жаткан нерсе. Өз көзүбүз менен көрүп жаткан нерсе. Ошондуктан коррупция Кыргызстанда азайып кетти деп айтыш мүмкүн эмес.

-Ар бир ишкердин иши алдыга жылса Кыргызстандын экономикасы өсүп жатат дегенди түшүндүрөт. Силердин “Акун” фирмасынын көрсөткүчтөрү кандай болуп жатат. Кирешеңер барбы?

-Албетте биздин фирманын көрсөткүчтөрү жакшы, кирешебиз бар. Жеке өндүрүштөрдүн ичинен башкаларга салыштырмалуу жыл сайын жалпы кирешебиз өсүп жаткан андан сырткары мамлекетке төгүп жаткан салыгыбыз өсүп жаткан фирмалардын катарында жүрөбүз. Ошондой эле биздин жаңы фирмаларыбыз дагы деле ошондой темпте өсүп жатат. Биз жыл сайын мамлекетке көбүрөөк салык төлөп келе жатабыз.

-Бирок эмне үчүн негизи Кыргызстанда бир улуттук деңгээлдеги корпорация, ири компаниялар түзүлө элек?

-Биринчиден, Кыргызстандын чамасы чектелүү. Рыногубуз анча мүмкүнчүлүк ачып бербейт. Миллиарддаган долларды айланта турган. Ал боюнча бир эки гана тармак бар. Чөнтөк телефондор боюнча оператордук кызмат кылгандардын мүмкүнчүлүгү көбөйүп жатат. Анткени бүгүнкү күндө Кыргызстандын калкынын 60-70 пайызына жакыны аны пайдаланып калганга үлгүрө баштады, деп айтсак болот. Мындан сырткары нефти менен байланышкан фирмалар, аларды саткан фирмалар тек бир кожоюндун колуна өткөн үчүн чоң акчалар айланат. Мына ушундай бир гана тармак болуп же чоң акчалар айланбаса, калгандарынын мүмкүнчүлүгү жок. Экинчиден, биздин рыноктун чамасы да чектелүү. Болбосо Россияныкындай, Казакстандыкындай чоң рынок болгондо, дүйнөлүк рынокко чыга турган товарларыбыз болгондо, албетте чоң суммага жүгүрткөн чоң-чоң холдингдер пайда болот эле.

XS
SM
MD
LG