Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

15-АЗИЯ ОЮНДАРЫ: СУУДА СҮЗӨ АЛБАЙ, БУТАГА АТА АЛБАДЫК


Кабыл Макеш, Доха, Катар Катарда кечээ 15-Азия оюндары зор салтанат менен башталды. "Урушта туруш жок" демекчи он миңдеген спортсмендер анын ичинде кыргыз спортсмендери дароо эле мелдешке киришишти.

Бүгүн 2-декабрда кыргызстандык спортчулар үчүн 15- Азия оюндарынын сууда сүзүү, ок атуу, бокс, дзюдо, футбол боюнча мелдештери башталды. Ок атууда жигиттер командасынан ата-бала Кыргызстандын Тахир жана Руслан Исмаилов, Юрий Ломов 10 метр аралыкта жел мылтык боюнча бута атышты. Мында Азия чемпиону Руслан Исмаилов 593 упайга ээ болуп, “15-Азия оюндарынын” 6- орунун ээледи.

Мурдакы Бангогтогу жана Херосимадагы Азия оюндарында күмүш байге уткан Юрий Ломов бул жолу 31 орундан көтөрүлө албады. Кыргызстандын карт мергени Тахир Исмаилов болсо, 37 орунду камсыз кылды. Учурда кыз-келиндер ок атуу мелдештерине катышып жатат. Мында кыргызстандык кыздар Юлия Калеева менен Чолпон Түмөнбаева өнөрлөрүн көрсөтүүдө. Экөө тең мындай ири мелдештерге алгачкы ирет катышып жаткандыктан ийгилик жаратышы күмөн болуп турат. 2-декабрда “15 -Азия оюндарынын” сууда сүзүү мелдештери да Катардын спорт клубунда башталды. 200 метрге эркин сүзүү ыкмасында Кыргызстандык Валентина Горная мөөрөй талашууга чыгып, финалдык топко кошула албады. 400 метрге сууда сүзүүдө Кыргызстандык Юрий Захаров да өз тобунда алдыга чыга албай мыктылардын сабына кошулган жок.

Сууда сүзүүчүлөрдүн мелдешинде 400 метрге жеке ыкма менен сүзүүдө кыргызстандык Афина Олимпиадасынын катышуучусу Василий Данилов өз тобунда марага үчүнчү келип, финалдык мелдешке катышууга укук алды. Финалдык жарыштар кечинде болмокчу.

2-декабрда оор атлетика боюнча дагы “15- Азия оюндарынын” күч сынашуулары башталды. “Б” тобунданы балбандардан Кыргызстандык Бекзат Осмоналиев айырмаланып, түрдүп көтөрүүдө 102 кг, жулкуп көтөрүүдө 125 кг оордукту багындырып, азырынча жалпы эсепте 227 кг оордукту көтөрүү менен лидер болууда. “А” тобундагы күчтүүлөрдүн таймашы кечинде болмокчу. Мына ушул таймашуулардын жыйынтыгында гана “15- Азия оюндарынын” жеңүүчүлөрү аныкталат.

Учурда Доха шаарында дзюдо, футбол жана бокс таймаштарында кыргызстандык спортчулар мелдештерге катышып жатышат. Бокстан түштөн кийин 54 кг. салмакта Сапарбек уулу Тилек шриланкалык атаандаш менен рингге чыгат. 57 кг. кыргызстандык Залкар Бакиров менен казакстандык бокс чебери таймашка чыгат. Ошондой эле кечинде 64 кг салмакта кыргызстандык Эргазы Мырзакаримов менен ливандык боксчу өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, алгачкы беттешүүгө чыгууга даярдык көрүшүүдө.

Футболдон Кыргызстандын командасын бүгүн Тайланд командасынын футболчулары менен кечинде мелдешке чыгышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүүгө аракет кылышат.

Ал эми дзюдо күрөшүнөн бүгүн 100 кг салмактагы кыргызстандык Данил Бабаев, өзбекстандык Үткүр Курманов менен күрөшкө чыкмакчы. Ошондой эле Юлия Козлова Дүйнө чемпиону кытайлык кыз менен дзюдо таймашына чыгат.

Бул жерде кыргыз спортунун жетекчилери мисалы, башка мамлекеттердин Улуттук олимпиада комитетинин президенттери, ар кайсы федерациялардын жетекчилери менен ошондой эле Эл аралык Олимпиада комитетинин жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Жолугушууларды өткөрүп жатат. Келечектеги пландарды тактап жатышат. Ал эми Кыргыз спорт комитетинин жектекчилери болсо, бир дагы мелдешке азырынча бара элек.
XS
SM
MD
LG