Жабырлануучу Анара Ниязбекованын укугун коргоону колуна алган “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча Бишкек шаарындагы Ленин жана Октябрь РИИБнын эки кызматкеринин үстүнөн иш козгоо эки жумага жакын убакытка созулуп, айрым эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын кийлигишүүсүнөн кийин гана колго алынган.