Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 11:13

15:00 “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөлөрүнө куугунтук улантылып жатат


Мындай пикирин аталган кыймылдын мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов билдирди. Ал өзүнүн жубайы, “Азат” фирмасынын жетекчисинин салык жашырган деген айып менен күч колдонулуп, кармап кетүүгө жасалган аракетти, "Интербилим" коомдук уюмунун жетекчси Асия Сасыкбаеванын жана НТС телеканалынын жетекчиси Бактыгүл Жээнбаеванын УККна сурак берүүсүн мисал катары айтып кетти. Абдырахмановдун айтымында ушул тапта “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөлөрүнүн баары түрдүү текшерүүлөргө дуушар болуп жатышат. Анын сөзүн «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов да кубаттайт. Байсалов өткөн жумада Ош аэропортунда өзүнө болгон кол салууну атайын кызматтар тарабынан уюштурулган чагым деп санайт. Ал эми КР президентинин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акундун ою боюнча мындай пикирлер туура эмес, бийлик тарабынан оппозиция мүчөлөрүнө эч кандай куугунтук болгон жок.

XS
SM
MD
LG