Бул демилге “ХИПКке каршы” деп аталган демилгелүү топ тарабынан көтөрүлүүдө. Демилге тобунун билдирүүсү боюнча тегерек үстөлгө Дүйнөлүк банктын учурда ХИПИК программасы боюнча Кыргызстанда жүргөн миссиясын, президент менен премьер-министрди, Улуттук банктын төрагасын, каржы жана экономика министрин жана ошондой эле Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчилик өкүлдөрүн чакыруу максатташтырылууда.