Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:59

ТООЛУУ КАРАБАК МАСЕЛЕСИ ЧЕЧИЛЕТ ДЕГЕН ҮМҮТ ПАЙДА БОЛДУ


Төрөкул Дооров, Москва. Бир жылдан бери Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Минск тобу «Армения менен Азербайжанда өтө турган алдыдагы шайлоолор Тоолуу Карабак жаңжалы боюнча тынчтык келишимине жетишүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат» деп тынчсыздануусун айтып келатат. Тоолуу Карабак жаңжалы боюнча Армения менен Азербайжан азырга чейин бир пикирге келише элек. Бирок, эки өлкөнүн президенттери соңку сүйлөшүүлөрүнөн кийин «маселе аягына чыгып калганын» билдиришти.

Келе жаткан 2007-жылы Армения өз парламентин тандайт. Ал эми бир жылдан соң, 2008-жылы, Арменияда да, Азербайжанда да президенттик шайлоолор өтөт.

Минск тобунун теңтөрагаларынын оюнда шайлоо өнөктүктөрү учурунда эки мамлекеттин башчылары жаңжалды чечүү үчүн чечкиндүү кадамдарга баруудан, келишимдерге жетишүүдөн оолактап калышы айкын.

Ошон үчүнбү айтор, Азербайжандын да, Армениянын да президенттери, же тышкы иштер министрлери ушул жыл ичинде өткөргөн жолугушуулары бир топ эле натыйжалуу болуп жатат. Анткени алар убакыттын тар экенин сезип жатышса керек.

28-ноябрь күнү Минскте КМШ мамлекеттеринин башчыларынын саммити учурунда Азербайжан менен Армениянын президенттери, Илхам Алиев менен Роберт Кочеряндын жеке сүйлөшүүлөрү өткөн. Бул жолугушууда эки тарап тең, жок дегенде, келишимдин алгачкы бир түзүлүшүн макулдашып алуу керек экендигин, балким, бул соңку мүмкүнчүлүк экенин туюп тургандай болду.

Эки президент тең жолугушуудан кийин дароо эле эч кандай расмий билдирүүлөрдү жасаганга ашыгышкан жок. Бирок 29-ноябрда Азербайжан президенти Илхам Алиев өз өлкөсүндөгү Улуттук сыналгы каналынан чыгып сүйлөп: «Айтылуу «Прага процесси» учурунда эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунан бери Тоолуу Карабак маселесин чечүү иши бир топ баскычты өттү. Эми биз аны жыйынтыктаар алдында турабыз», - деп билдирди.

Илхам Алиев айткан Прагадагы жолугушуу 2004-жылдын апрелинде өткөн жана андан бери Алиев менен Кочерян жети жолу жолугушушту. Минсктеги соңку сүйлөшүүлөр алардын ушул жыл ичиндеги үчүнчү жолку жолугушуусу эле.

Алиевдин айтымында, алардын Минскдеги сүйлөшүүлөрү «конструктивдүү багытта» өтүп, алар «буга чейин мунасага келе албай жүргөн бир топ проблемалар боюнча чечим таба алышты». Анткен менен Алиевдин айтымында, алар «принципиалдуу маселелер боюнча дагы эле келише алышкан жок. Мунун баары эми өзүбүзгө гана жараша болот», - деди азери президенти.

Анын айтымында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө Азербайжан өз позициясын өзгөртө элек. Демек, кандай гана келишим жетишилбесин, ал Азербайжандын аймактык бүтүмдүгүн таанышы керек, деп эсептейт Алиев.

Минскдеги сүйлөшүүлөргө Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери Вартан Осканьян жана Элмар Маммадыяров да катышышкан.

Маммадыяровдун ишениминде, президенттердин сүйлөшүүлөрү натыйжалуу жана жагымдуу маанайда өттү. Бирок армениялык министр өз билдирүүлөрүндө этиятыраак болгону байкалат. «Проблема боюнча алдыга жылуулар болду, же болбоду деп ачык айта албайм, бирок эки президент тең жолугушуу жагымдуу маанайда өттү жана сүйлөшүүлөрдүн аягына жетип калдык деп билдирип жатышат» деп гана тим болду.

Осканяндын ишениминде, алдыдагы шайлоолорго даярдык иштери Тоолуу Карабак маселеси боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнө «алакыт болбойт», бирок келишимге жетишүүнү татаалдаштырып салышы мүмкүн.

Армения президенти Роберт Кочерян болсо жолугушуу боюнча эч кандай комментарий берген жок. Ал эми эларалык коомчулук тарабынан таанылбаган Тоолуу Карабак республикасынын президенти Армен Меликян азери президентинин билдирүүсү коркунуч жаратып жатканын айтты.

"Эгер президент Алиев процесс позитивдүү багытта баратат деген болсо, мунун өзү коркунучтуу» деп билдирди Меликян 30-ноябрь күнү «Азаттыкка». Анын оюнда, мунун мааниси «Карабак көз-карандысыз мамлекет боло албайт» дегенди түшүндүрөт.

Армения жетекчилиги буга чейин деле бир топ жолу билдиргендей, ал Тоолуу Карабак республикасынын көңүлүнө төп келбей турган эч кандай келишимге кол койбойт.

XS
SM
MD
LG