Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

15-АЗИЯ ОЮНДАРЫ: КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖЕҢГЕНИНЕН, УТТУРГАНЫ КӨП


Маек курган Жаңыл Жусупжан, Прага Бүгүн 3-декабрда Борбор Азиялыктардан биринчи болуп Казакстандын мылтыктан ок атуу командасы алтын медалга ээ болду. Дохадагы "Азаттыктын" кабарчысы Кабыл Макеш менен Жаңыл Жусупжан маек курган.

Кабыл Макеш:
- 50 метр аралыкка мылтыктан ок атууда Казакстандын эркектер командасы командалык эсепте алтын байгени утуп алышты. Биздин жигиттер Исмаилов Тахир, Исмаилов Руслан жана Юрий Ломов дагы катышты, бирок, ийгилик жарата алышкан жок.

Бүгүнкү мелдештердин жыйынтыгында деле Кыргызстандын спортчулары кубантарлык ийгиликке жетише алган жок. Бокстан гана эки салмакта кыргызстандык бокс чеберлери ийгиликке жетишип, биринчи беттешүүлөрүн утушту. Бул жеңил салмакта Сапарбек уулу Тилек ошондой эле 57 кг салмакта Залкар Бакиров атаандашы дүйнө чемпиону казакстандык Олег Жапаровго утулуп калды. 64 кг салмакта Кыргызстандык Эргазы Мурзакаримов Ливандык Фаил Шахан менен рингге чыгып, үчүнчү раундда эле арбын упай менен эрте жеңишке жетишти.

Футболдон болсо Тайланддык футболчуларга Кыргызстандын футбол командасы 2:0 эсебинде жеңилип калышты. Эми алар акыркы беттешүүсүн 5-декабрда Палестина өлкөсү менен өткөрүшөт. Кыргызстандын спорт жана дене тарбия боюнча мамлекеттик агенттигинин улук адиси Кудайберген Исмаиловдун пикири мындай:

- Бүгүн 15-Азия оюндарынын экинчиси күнү. Бүгүн Кыргызстандын курама командасы жети түр менен катышат. Эгерде атап кетсек булар велоспорт, сууда сүзүү, дюздо, бокс, футбол, оор атлетика, гимнастика, ок атуу. Азыр түштөн кийин бокстун мелдеши башталат. Ал жерде биздин спортчу жигитибиз Авазбек Абдуллаев 51 кг салмакта мөөрөй талашмакчы.

Борбор Азия өлкөлөрү 15-Азия оюндарында эми гана ийгиликтерди жарата баштады. Казакстан үч коло байгелүү болсо, Өзбекстан дюздо күрөшүнөн коло медаль утуп алышты.


-Кабыл мырза, ушул 15-декабрда аяктап жаткан Азиялык оюндарда медалдардын көбүн Кытай, Жапония, Түштүк Корея алып кетет деген сөздөр айтылып жатат. Эмне үчүн мусулман өлкөлөрү чабалдык кылып жатышат?

- Чындыгында спорт адистери баамдагандай бул Жапония өлкөсү баардык оюндарда алдыңкы орундарды ээлеп жүрсө, кийинки мезгилде Кытай мамлекети, Түштүккореялыктар спорттук державаларга айланышып, баардык спорттун түрлөрү боюнча мыкты ийгиликтерге жетишип жатышат. Ал эми мусулман өлкөлөрү болсо Иран ислам өлкөсү гана мыкты ийгиликтерди жаратышып, 4-5 орундарга чыгып жүрөт, чындыгында мусулман өлкөлөрү эми гана спортко өзгөчө маани бере баштады. А көпчүлүк мусулман өлкөлөрүндө аял, кыз-келиндер спортко көп маани берип катышчу эмес, азыркы учурда болсо кыз-келиндер дагы спортко маани берип, спорттун баардык түрлөрүнө катышууга аракет кылып жатканы байкалып жатат.

-Алар маани берген күндө дагы чектөөлөр бар экендиги белгилүү. Катарда мына ушул Азия оюндарына чоң даярдык болду, көптөгөн каражат сарпталды, өзүң көп оюндарда болуп жүрөсүң. Катардын эми көздөгөн максаты 2016-жылы олимпиада оюндарын өткөрүү болуп атат. Сенин көз карашыңда, Катардын азыркы даярдыгы боюнча ага алы келеби?

-Негизинен ушул Азия оюндарына чоң даярдыгын көргөндөн кийин салыштырып көрсөм, араб өлкөсү олимпиадалык оюндарды өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин далилдеп жатышат. Себеби ХХ-ХI кылымда дагы, андан мурда дагы бир да мусулман өлкөлөрү олимпиадалык оюндарына өз талапкерлигин койгон эмес. Ошол ыңгайды алып караганда бардык мусулман өлкөлөрү Катардын талапкерлигин колдоосу мүмкүн. Себеби ушул кичинекей эле Катар мамлекети ушунчалык зор салтанат менен, зор даярдык менен олимпиадалык, азиялык оюндарды өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү жетип тургандан кийин башка бай араб мамлекеттери да колдоого алышып, спорттун өнүгүшү үчүн Катар үлгү болуп жатат.
XS
SM
MD
LG