Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:18

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Бул жумада Т. Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артистери кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун пьесасынын негизинде коюлган “Курманжан датка” спектаклин тартуулашты. Оюнда Курманжан датканын жаш кезин ойногон актриса Шайыр Касымалиева бул роль жан дүйнөмдү козгой турган образдардын бири болду дейт. Ал эми токтолуп калган кезин ойногон Гүлайым Каниметова Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон. Спектаклди маркум режиссер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Бообек Ибраев менен Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Замир Сооронбаев сахналаштырган. Оюн көрүүчүлөргө биринчи жолу 2001-жылдын август айында тартууланган. Бул спектаклди коюу үчүн 400 миң сомго жакын акча сарпталган. Ал эми ал каражат өкмөттөн бөлүнгөн.

Шаршембиде Тунгуч театры Кыялбек Урмамбетовдун либретосунун негизинде коюлган “Махабат жылдызы” мюзиклин көрсөтүштү. Театрдын көркөм жетекчиси Жамал Сейдакматова бул мюзиклда сүйүү темасы менен бирге учурдагы көйгөйлүү социялдык маселелер да чагылдырылган дейт. Бул спектаклдин коюлганына бир жарым жылдын жүзү болду. Бул убакыт аралыгында спектакль бир эле борбордун театр куйөрмандарына эмес, Караколдун тургундарына да тартууланды. Белгилүү кинорежиссер Эрнист Абдыжапаров келечекте бул мюзиклди тасмага түшүрүүнү ниет кылууда. Анын айтымында эгер каражат жагы оң чечилсе анда март айынын фильмди тартуу иштери башталат.

Бейшембиде “Кыргыз фильм” студиясы тарабынан тартылган “Парз” аттуу кыска метраждуу көркөм тасманын бет ачары болду. Фильмде улуттук салттардын оош-кыйышы, коом мыйзамы менен намыс мыйзамынын күрөшү, курнамыс курмандыгынын тереңдиги жана башка талылуу маселелер чагылдырылган. Белгилүү кинорежиссер
Фильмде башкы ролду Кыргыз Түрк Манас университетинин студенти Акжол Бекболотов ойногон. Бул тасманын заманбап HDV форматында тартылган. Фильмдин режиссеру Темир Бирназаровдун айтымында тасманы тартууга 9 миң долларга жакын акча каражаты сарпталган. Фильмди жаратуучулар келечекте бул тасманы эл аралык кинофестивалдарда көрсөтүүнү ниет кылышууда. “Айтыш фильм” студиясынын продюсери Садык Шернияздын айтымында жакын арада көрүүчүлөргө дагы “Биринчи кадр” толук метраждуу кинокомедиясы жана Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев тууралуу даректүү фильмдери сунушталат.

Бейшембиде ошондой эле Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисткасы Бермет Байкелова жыйырма жылдык чыгармачылык кечесин өткөрдү. Кечеде эл артистери Улукмырза Полотов, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисткасы Майрам Дүйшекеева, Гулмира Жолдошова, Чырмаш Төрөбеков жана башка бир катар ырчылар өнөрлөрүн тартуулашты. Концертти К.Орозов атындагы мамлекеттик, академиялык эл аспаптар оркестри коштоду. Бермет Байкелова ырдоо менен гана чектелбестен, 20 жылдан бери ыры менен бирге алып баруучулук кесипти да аркалап келет. Бермет эң мыкты алып баруучу дагы. Бул-анын дагы бир чоң таланты дешет кесиптештери.
XS
SM
MD
LG