Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:10

КООМДУК ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮ ДЕМИЛГЕСИ КӨТӨРҮЛГӨНҮНӨ КӨП БОЛДУ, ЖЫЛЫШ АЗ


Мамлекеттик телекөрсөтүүнү коомдук телекөрсөтүүгө айлантуу демилгеси Кыргызстанда кыйладан бери кеп болуп келатат. Өткөн жылкы бийлик алмашуусунан кийин бул ишке ашчудай өңдөнүп калган. Бирок да парламент тарабынан кабыл алынган коомдук телекөрсөтүү тууралуу мыйзам долбооруна президент кол койбой, маселе ушу тапта бийликтин эки бутагынын ортосундагы соодага айланып отурат.

Кудум эле Кыргызстандагыдай абал ушу тапта Украинада орун алып отуру. Ал жерде да коомдук телекөрсөтүү идеясы президент В.Ющенконун колдоосуна татыбай, демилге ашка жүк – башка жүк болуп ара жолдо турат. Орусия болсо мындай мүмкүндүктү өткөн кылымдын 90-жылдарында эле колдон учурган. Украин парламентинин сөз эркиндиги комитетинин төрагасы Андрей Шевченконун айтуусунда, сары түс ыңкылаптан кийин көпчүлүктүн күткөнү мамлекеттик телекөрсөтүүнү коомдук телеберүүгө айландыруу демилгеси ишке ашпай калды.

- Революциядан кийин мен өнөктөштөрүм менен мамлекеттик телекөрсөтүүнү реформалоого белсенип кириштик. Бул ишибиздин аягы президент В.Ющенконун башталган реформалардын баарын токтотуп салуусу менен тамамдалды.

Коомдук телекөрсөтүүнүн байкоочулар кеңешинин мүчөсү Эмил Үмөталиев Кыргызстанда Украина жөрөлгөсү кайталанбайт деген пикирде. Анын ырасташынча, баары мыйзам жолунда жүрүшү абзел.

- Иш жагынан ал жерде партизандык жол менен өзгөрүп жатыптыр. Андай жол деле болушу мүмкүн. Ал коомчулуктун аң сезимине, журналисттердин кесиптик камылгасы, коомдук позициясына байланыштуу болот.

Өкмөт башчынын пресс-катчысы Азамат Калман президент К.Бакиевдин коомдук телекөрсөтүүнүн байкоочулар кеңешине улуттук телерадиоканалдын беш кызматкерин кошуп коюусу туура эмес, деген пикирде.

- Өзүмдүн жеке позициямды айтсам, бул өзү туура эмес деп ойлойм.

Президенттин коомдук телекөрсөтүүнүн байкоочулар кеңешин өзү билип, алдынала дайындап коюшун белгилүү тележурналист Бердибай Саматов да жактырбастыгын жашырган жок.

- Кеп жамааттын ичинен беш кишинин кеңешке мүчө болуп калышында эмес. Негизи эле мамлекеттик телеканалда мамлекеттин өзүнүн байкоочу кеңеш түзүп отурушу болбогон нерсе.

Белгилүү тележурналист Александр Кулинскийдин ырасташынча, мамлекеттик телекөрсөтүүнү коомдук телекөрсөтүүгө айландырууну азыркы бийликтин өзү каалабайт.

- Албетте, «ЭлТРди» деле коомдук телеканал деп айтса болот. Аны жакшыртуу зарыл. Бирок да «ЭлТР» телеканалын кесиптик жагынан кантип өзгөртүү керектигин мен билбейм. Бул мен үчүн чоң суроо. Анан экинчи бир проблема – бул журналистикадагы, теледеги кризис. Маалымдоо каражаттарынын арасында бизде тележурналистика акырындап өчүп бараткан тармак,- дейт А.Кулинский.

Жалпы республикага таралчу мамлекеттик телеканалды коомдук телеканалга айландыруу демилгеси 2-ноябрдан башталган оппозиция жыйындарынан соң аз-аздан жандана баштады. Мамлекеттик телеканал маанилүү комдук-саясий окуяларды көбүнесе бийлик башындагылардын көзү менен көрүп, баамы менен баалап, көпчүлүк маанилүү окуялардан кабарсыз каларын мына ошол жыйындар аныктаганы бул жолку отурумда да айтылды.
XS
SM
MD
LG