Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:52

АЛМАТЫДА МИГРАНТТАРДЫН УКУКТАРЫ БОЮНЧА КИНОАПТАЛЫК БАШТАЛДЫ


Карамайдын кымбаттыгынан күн санап байманасы ашып жаткан Казакстандын турмушу жакырчылыктын сазына баткан коңшулары үчүн бейиштин төрү көрүнөт, бирок казактын жери бүгүн канчалаган жарандар үчүн баш көтөрткүс тозокко айланганы да жашыруун эмес. Ошондуктан, ушул дүйшөмбүдө Алматыда ачылган адам укуктары боюнча даректүү тасмалар жумалыгы өз убагында өткөрүлүп жаткан иш-чара болуп саналат.

Борбор Азиянын аймагында алгачкы жолу өткөрүлүп жаткан адам жана мигранттардын укуктары боюнча документалдуу тасмалар фестивалы "Үйгө алпараар узак жол" деген фильм менен ачылды. Эубакир Сүлеев - Алматынын чет-жакасындагы жеке менчик таштанды жайында иштеген мигранттардын турмушун чагылдырган ушул тасманын режисеру:

- Aлар минералдык суунун желим шишелерин чогултушат, бир күндө сегиз килограм болот экен. Күн кайнаган ысык, таштанды жашиктеринин үстүнө чымын-чиркей үймөлөктөйт. Ушул шартта бизге кино тартуу оңой болгон жок. Мында Борбор Азиянын башка жактарынан келип, жалданып иштеген жарандар таштандыны казып, жан багып жүрүшөт. Бул өтө аянычтуу көрүнүш.

Алматы фестивалындагы тасмалардын бир катары эки жыл мурда Молдовада көрсөтүлгөн. Молдова - киши соодасы, анын ичинде аялдар Батыш Европада сексуалдык күңчүлүккө сатылган учурлар айрыкча көп кездешкен өлкө. Фестивалдын сүрөөнчүсү – Эл аралык Миграция же казакча айтканда Көчүп-кон уюму болду.

Бул фильм Молдовада 100дөн ашык айылда көрсөтүлгөн болчу. Киши аткезчилиги тууралуу маалымат калктын кеңири катмарларына жетиши керек, бул Казакстан үчүн жаңы көрүнүш эмес. Четэлге ишке чакырганда, бардык сактык эрежелерин сактоо керектигин ар бир жаран билиши зарыл,- дейт уюмдун өкүлү Элоди Фишер.

Уюмдун эсебинде, Казакстанда бүгүн мыйзамсыз мигранттардын саны 300-500 миң чамалап барат.

Даректүү филmмдер Алматынын кинотеатрларында көрсөтүлүп жаткан тушта Актөбө шаарында өзбек жарандарынын кулчулукка мажбурланышы боюнча кылмыш иши соңуна чыгууда. Бул тууралуу Миграция уюмунун Казакстандагы миссиясынын өкүлү Екатерина Бадикова Азаттыкка буларды билдирди:

- Жакында сот болот, ал тууралуу журналисттер да билет болуш керек, анткени бул чуулгандуу окуя, Актөбөдө эркектерди да, аялдарды, жаш кыздарды эксплуатациялашкан. Курулушта иштейсиңер деп Казакстанга алып келинип, чындыгында оюн-зоок жайында сойкулукка мажбурланган бир топ кыз-келиндер, кулчулукка кабылган эркектер бар экен. Алар туралуу ошол жайдан качып чыккан бир кыз айтып берди.

Адам укуктарына арналган фестивалдар Европада салт болуп калган, ага адатта жаштар көп келет. Борбор Азияда биринчи жолу Алматыда өтүп жаткан адам жана мигрант укуктарына багышталган апталыкка Кыргызстандан, Тажикcтандан, ошондой эле Түркия, Австралия, Швеция жана Франциядан тасмалар көрсөтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG