Альянстын өкүлдөрү ырастагандай, Муса Кала чөлкөмүндөгү кармашка НАТОнун учактары да тартылган. Эларалык күчтөрдүн жоготуулары тууралуу маалымат берилген жок. Бүгүн эртең менен болсо Кандагар шаарында жан кечтинин бомбасынан кеминде 2 карапайым адам мерт кетип, Түндүк Альянстын 3 жоокери жарадар болушту.