Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:12

АЙБЕК КАРЫМОВ ОРУСИЯДАГЫ КЫРГЫЗДАРГА ИШТЕП КЕЛДИ


Белгилүү обончу жана аткаруучу Айбек Карымов өзү жетектеген “Айтеңир” тобу менен Орусияда иштеп жатышкан кыргыздарга концерт тартуулап келди.

Айбек Карымов топтун ырчы кыздары жана куудулдары менен Орусиянын он беш шаарында күн кечирип жаткан кыргыздарга концерт берген. Айбек мырзанын айтымында кээ бир жерлерде концерт жакшы өткөн, айрым шаарларда болсо алар ойлогондой болбой, кыйналган да учурлар болгон.

-Кээ бир жерде элдин келиши да жакшы болуп, концерт да жакшы өттү. Айрым шаарларда чынында эле кыйналдык, себеби кыргыздардын арасында өз-өзүнчө диаспораларды түзүп алышып, элди экиге бөлүшүп, ынтымагы жогураак жерлери бар экен. Бизди өкүндүргөн дагы бир нерсе Орусияда кыргыздардын кенен жүрө албагандыгы болду. Себеби көпчүлүк мекендештерибиз каттоодо турбагандыгына байланыштуу концертке келе алышкан жок- дейт Айбек Карымов.

Айбек Карымовдун билдиргенине караганда концертти кадимки эле маданият үйлөрүнө беришкен. Бир гана Москвада имарат таба алышпай, кыргыздардын кафесинде концерт уюштурушкан. Билеттин баасы 300 сомдун тегерегинде болгон. Ырчы Орусияда концерт уюштуруп эле келбестен, ал жактагы кыргыз ишкер жигиттери менен детектив жанрында тасма тартууга келишим түзүп келген. Жалданма адам өлтүрүү, кылмыш дүйнөсүн чагылдырган бул тасманы тартуу иштери жаңы жылдан башталат.
XS
SM
MD
LG