«Жарандык коом коррупцияга каршы» уюму HIPC боюнча президентке, парламентке, өкмөткө, эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдоду. Кайрылууда тышкы карыз жана «Улуттук Банктын сыры жөнүндөгү» мыйзамдын чоо-жайы тууралуу толук расмий маалымат суралып, программага кирүү-кирбөө маселесин чечүү укугун парламенттин тармактык экономиканы, ишкердикти өнүктүрүү, жаратылыш ресурстарын пайдалануу комитетине берүү сунушталган.