Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

КЫРГЫЗСТАНДЫК СПОРТЧУЛАР ИЙГИЛИК ЖАРАТА ЭЛЕК


Кабыл Макешов, Доха шаары Доха шаарындагы 15-Азия оюндарынын жеңүүчүлөрү аныктала баштады. Спорттун 25 түрү боюнча мелдештер болуп жатат. Кыргызстандык спортчулар сууда сүзүү, оор атлетика, бокс, ок атуу, дзюдо, веложарыш жана теннис, футбол боюнча мелдештерге катышууда.

Бокс боюнча мелдешке 64 кг салмактагы Эргазы Мурзакаримов менен 75 кг салмактагы Давран Хабиров Кыргызстандын намысын коргоо үчүн мелдешке чыгышат. Ок атуу таймаштары жаңы эле аяктады. Мында мерген кыз-келиндер Забира Ырсалиева, Мэри Исмаилова жана Элена Трава ийгилик жарата алышпады. Кыргызстандык мерген Иван Жуматин да 50 метр аралыкта тапанчадан ок атуу мелдешине катышып, алдыңкы топко кошула алган жок.

Дзюдо күрөшү боюнча бүгүн акыркы таймашуулар болмокчу. 60 кг салмакта Рамазан Филода күч сынашууларга чыкканы турат. Ал биринчи беттешүүдө тажик балбаны менен килем үстүнө чыгат.

Кыргызстандык спортчулар үмүттөндүрүп турган велоспорт жарышы. Мында 12-13-Азия оюндарында 2 күмүш, 1 коло байге уткан Евгений Ваккер катышып атат.

5 күндүк мелдештин жыйынтыгында жалпы командалык биринчиликти кытайлык спортчулар колдон чыгарбай келүүдө. Учурда алардын 43 алтын, 21 күмүш, 12 коло байгеси бар. Азырынча 2-орунда жапондуктар келатат. Алар 12 алтын, 16 күмүш,19 коло медаль утуп алышты, 3-орунда Түштүк Корея келатат.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан учурда 6 алтын, 5 күмүш, 6 коло байгелүү болуп, 4-орунда ишенимдүү турат. Кечээ шахматтан казакстандык Муртаз Кашкаралиев 15-Азия оюндарынын чемпиону аталып, алтын медаль тагынса, бүгүн ок атууда кыздар командасы алтын байгелүү болуп, баш байгени жеңип алышты.

Түркмөндөр 1 күмүш байгеси менен 22-орунда, өзбектердин 4 жигити дзюдо күрөшүнөн коло байге утуп алышып, командалык эсепте Өзбекстан 23-орунда келатат.

Тажикстандык спортчулардын дагы бир коло байгеси бар. Кыргызстандык спортчулар азыр ийгилик жарата албай турган учуру.
XS
SM
MD
LG