Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

УКРАИНАДА ТАБАКТАР СҮЙЛӨЙТ ЭКЕН


Баян Жумакадр кызы, Прага шаары Америкалык ойлоп табуучу бороонго туруштук бере ала турган мыктарды ойлоп тапты, украиналык инженер сүйлөгөн табактарды жасап чыгарды, бир рассанын адамдары башка бир рассанын адамдарынын өңүн эске азыраак тутуп калат.

Америкалык инженер Эд Сатт өткөн он алты жылдын ичинде бороонго туруштук бере алуучу мыктарды ойлоп табуу менен алектенди. Буга бороон-чапкындан сандаган жыгач имараттардын урап калуусу түрткү болгон. Кесиптештери менен бирге жасаган иликтөөсүндө инженер Эд Сатт кыйроого мыктардын аз болгондугу эмес, чегелердин сапатынын начар болуп, жыгачтардын аштаган жерлеринен ажырап кетүүсү себеп боло турганын аныктаган. Мыктардын ар кайсы түрлөрүн жылдар бою сыноодон өткөрүп келген топ акыры жер титирөө менен бороонго туруштук бере алуучу мыктарды ойлоп тапкан.

Алар кадимки мыктардан башынын чоңураактыгы менен жана тулку боюнун темир тиштер менен жабдылгандыгы менен айырмаланат. Аларды материалга кагуу да, сууруп алуу да кыйыныраак болот, бирок ан үчүн мык кагуучу тапанчалар бар эмеспи, дейт Эд Сатт. Анан калса баасы жагынан да жаңы мыктар бир аз эле кымбатыраак болот.

"1858 чарчы метр келген үйдү бороонго туруштук берүүчү мыктар менен салганда, кадимки мыктактарды колдонгондон болгону 15 долларга ашыгыраак акча жумшалат. Бирок, үйдүн бороонго туруштук берүүсү 50 процентке жогорулайт",- дейт Сатт.

"Сүйлөгөн табактар"

Украинанын Запорожье университетинин кызматкери Хригорий Чаусовски "сүйлөгөн табактарды" ойлоп тапты. Бирок сүйлөгөн табак тамактын сапатын сынга албайт. Ал табакка куйулган тамактын көлөмүн көзөмөлдөйт. Көрсө ал табакка куйулган тамактын салмагын өлчөп турган микрочип менен камсыздалып, ага ашыкча тамак куйулганда, "Напсиңди тыя турган эркин кана?",- деп сурап турат экен.

Чаусовский ойлоп тапкан дагы бир табак куйулган тамакты ого эле тез жеген учурда агрессивдүү музыка чыгарып, ал эми жай жегенде жагымдуу обон чыгарып турат экен.

Чаусовский ушуну менен эле токтоп калган жок, адамдардын араанын тыйуу үчүн муздаткычтарга атайын чип орнотуптур. Муздаткычтын эшигин ачкан сайын ал адамдан: "Сиз чын эле ачкасызыбы, же эмоцияга берилип жатасызбы?"- деп сурап турат экен. Чаусовскийдин инженердик табылгасы адамдардын кошумча салмак кошуусуна кедерги боло алабы деген үмүт бар.

Айрым кишилер бир көргөн адамды жакшы эстеп калабыз деп мактанышат. Бирок окумуштуулар башка рассанын кишилеринин өңүн таанып калуу жөндөмү баардык эле кишилерде чабалыраак боло тургандыгын аныкташты. Ошон үчүн Техас университетинин кызматкери Йош Акерман адамдар адегенде эле өзүнө коркунуч келтире турган кишинин өңүн эстеп калуусу керек экенин, ал сага кол салган соң аны эстеп калуу кыйын боло тургандыгын айтат.

"Эгерде кимдир бирөөнүн өңүнөн сизге коркунуч келтирери билинип турса, анын өңүн ал кайсы рассадан болбосун эстеп калуу лаазым",- дейт Акерман. Акермандын айтымында, адам сага жамандык кылаарын айрып таануу көпчүлүк учурда кыйын эмес.
XS
SM
MD
LG