Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ: КОМИТЕТ КӨП БОЛСО, ИШТЕГЕН ДЕПУТАТ КӨП БОЛОТ


Жогорку Кеңеш өзүнүн структурасын өзгөртүү боюнча талкууну баштады. Депутаттык топтор структура боюнча өзүлөрүнүн долбоорун кечээ сунуштады. Ал долбоорду рейтинг менен добуш берүү аркылуу тандап алуу башталып, бирок аягына чейин чыкпай калды. Мына ушул маселенин айланасында Жогорку Кеңештин депутаты, “Реформа үчүн” кыймылынын лидери Өмүрбек Текебаев менен кабарчыбыз Мээрим Султангазы кызы маектешкен.

- Учурда Жогорку Кеңеште жети комитет бар. Депутаттык топтор сунуштаган долбоордо комитеттердин санын эки эсеге көбөйүү каралган экен. Комитеттердин санын көбөйтүүнүн канчалык деңгээлде зарылчылыгы бар деп ойлосуз?

- Мен Жогорку Кеңешке катардагы депутат да болуп, төрага да болуп көрдүм. Комитетте комитетин төрагасы гана иштейт. Калган депутаттар добуш берээрде гана келип, өз пикирин айтып коюп кетишет. Ошондуктан канчалык комитеттин саны көп болсо, ошончо көп депутат иш менен алек болот. Ошончо көп депутаттан жоопкерчилик менен тигил же бул маселе жасалган жок деп парламенттин төрагасы сураса болот. Иш абдан көп. Мисалы, өндүрүш боюнча комитет азыр үчкө бөлүнүп отурат. Энергетика боюнча комитет бөлүнүп чыгып жатат. Андан башка коммуникация боюнча бөлүндү. Энергетика проблемасы көп тармак болуп, ал жакты өзүнчө тейлөөчү министрлик ачылыш керек деген пикир болду. Мына ушуга окшогон көп маселелер бар.

- Сиз жетектеген топ Жогорку Кеңеште 13 комитет жана беш комиссия түзүүнү сунуштап жатат. Ал эми «Мекен” тобунун сунушу боюнча 17 комитет жана үч комиссия болушу керек. Кечээки добуш берүүдө депутаттар бир пикирге келе алышкан жок. Бул эмне себептен болду?

- Бул структуралардын артында эки чоң топ турат. Бир структурада “Реформа” кыймылынын мүчөлөрү жана аларга тарапкер болгон депутаттар. Экинчи тараптар Бакиевди ушул кезге чейин колдоп келгендер. Азыр да колдоп жаткан депутаттар турат. Добуш берүү көргөзгөндөй булар бири-бирине барабар топтор. Парламент негизинен ушундай эки топтон турат. Парламенттин ишине көзөмөлдү жоготуп коюудан корккондуктан экинчи тарап биздин структурага макул болбойт. Мисалы, биз конституциялык реформадан кийин тез аранын ичинде Конституциянын нормалары сунушка ашырылышы керек дейбиз. Мына ошондой чоң тапшырма, мамлекеттик түзүлүш комитетинин алдында турат. Биз муну Азимбек Бекназаров гана жетекчилик кылып, ийгиликтүү жеткире алат дейбиз. Сот системасын реформалоону Байболовдон ашкан адам жасай албайт деп эсептейбиз. Анткени ал президенттин тапшырмасы боюнча бул тармакты реформалоо боюнча концепцияны өзү иштеп чыккан. Аны аягына чыгарыш үчүн биз аны ошол жерге сунуш кылып жатабыз. Энергосекторду менчиктештирүүгө каршыбыз. Ошондуктан ага каршы болуп жүргөн адамды депутат Артыкбаевди төрагалыкка жылдырып жатабыз. Кеп структурада эмес, кеп аны ким жетектеп калышы мүмкүн деген маселе да артында турат. Ошондуктан экинчи топ мүмкүн болушунча комитеттин санын көбүрөөк кылып, арбын адамдарды өзүбүзгө тартып алганга аракет кылып жатабыз.

- Төрага Марат Султановдун Жогорку Кеңеш структурасы боюнча талашы парламенттин биримдигине доо кетириши мүмкүн дегени каналык деңгээлде негиздүү деп эсептейсиз?

-Доо кетпейт. Парламент өз нугунда иштейт.

XS
SM
MD
LG