Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:20

ЖЫРТЫГЫ ТЕШИГИНЕН ҮМҮТ КЫЛГАН ӨЛКӨДӨ


«МСН» гезити саясатчылар дагы эле талаштан чыгалектигин, экономисттер ийиндерин куушургандан бөлөк эчнерсе айталышпагандыгын, Кыргызстан болсо митингден митингке чейин жашаганга көнүп бүткөнүн, күнү кечээ Э.Байсаловду башка уруп баса беришти эле, кийин Ө.Текебаевдин «жанын» аңтарып атышып «матрешка» таап чыгышканын, бүгүн болсо дасторкондун бетине Б.Березовскийди жая салышканын, бирок буга карабай Кыргызстанга кыш келгенин, ушу кезде негедир саясатка да кыш келген өңдүү жымжырт болуп, дымып жатканын, бирок, «бир үйдү бириктирбеген, эки үйдү эриктирбеген» сценаристтер дагы эмнелерди камдап атты экен?-деп жазып, а эл болсо жана бир туңгуюкка келип капталды, ал-Паспорт кризиси, ушу тапта паспорт алса эле таалай издеген индуска окшоп, башка өлкөлөрдөн бакыт издеп жөнөп берчү кыргыздар иттин кара капталынан көп болуп, бирок, паспорт берчү атка минерлердин айтымында бул документ ушул жылдын 25-декабрынан тартып бериле баштарын, ал эми алыскы чет өлкөлөргө баргысы келгендер 2007-жылдын 25-февралына чейин күтүшөрүн, анткени тигилер бир пикирге келише электигин кеп кылды. Ошол эле учурда Кыргызстандын миграция жана ишке жайгаштыруу боюнча мамлекеттик агенттик Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктар үчүнчү кварталда өлкөгө 129 миллион доллар которгонун, дүйнөгө тарап кеткен жалпы мигранттар которгон акча 700 миллион долларга жеткенин жар салды. Ал эми айрым бир байкоочулар, Кыргызстан бүгүн өз өндүрүшүнөн түшчү акчага караганда бирөөлөрдүн чөнтөгүнөн түшчү акчага көбүрөөк үмүт артып, жаланып-жуктанып турган бечара кейпин кийип калганын айтышууда.

«Агым» гезитине курган маегинде депутат Карганбек Самаков, Кыргызстандын тышкы саясаттагы абалы жыргатарлык болбой жатканын сөз кылып келип, 2 миллиард карыздан кутулуунун булагы катары «Кумтөр» менен «Ганси» авиабазасын көрсөтөт.

«Кыргыз туусу» парламент ким бирөөгө асылганга, интригага ыктап, куру кыйкырык, куу сүрөөн менен упай топтогонго көнүп алды, мына ошондон улам эми ага каршы оппозицияга чыккан партиялардын, бейөкмөт уюмдардын саны өсүп баратат деген ойду айтат. Гезит ошондой эле «Жерүй» алтын кени талаш-тартыштын ордосуна айланганына сереп таштап, алтын талаш дагы далай «баштарды» жутарын кыйытат.

«Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы» деген эмне жана анын артында кимдер турат? Саид Моххамед Элсаид Баюми деген киши президенти болгон бул коомдук бирикме- «Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы» деген атты жамынып Кыргызстандын Адилет министрлигинен каттоодон өткөн, өзү жабык типтеги диний багыттагы уюм, андыктан жаштар форуму өңдүү чоң жыйындарда жабык типтеги диний уюмдун өкүлүнүн чыгып сөз сүйлөшү мамлекет башчысы Бакиевдин кадыр-баркына абийир апкелбейт, бул бирикме Кыргызстандагы көптөгөн диний секталардан анча деле айырмаланбайт, деп жазган «Кыргыз руху» гезити, аталган диний уюмдун атынан сүйлөгөн Саид Мохаммед Элсаид Баюми эчкимге таң калбаган атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду таң калтырганын, жалаң мечит куруу менен шугулданган бул адам бектер кетсе да бели «сынбай» келаткан министр Ж.Рүстөнбековдун жакын таанышы экендигин кошумчалайт.
XS
SM
MD
LG