Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 11:10

13:07 Кыргызстанда жети жылдан кем эмес жашаган чет өлкөлүк атуулдук алуу укугуна ээ болот


Конституциянын жаңы редакциясына ылайык иштелип чыккан «Жарандык жөнүндөгү» жаңы мыйзам долбооруна ушундай жобо киргизилди. Мындан тышкары Кыргызстандын жараны менен никеге турган адамга же жогорку даражалуу адиске үч жыл жашагандан кийин жарандык берилет. Мындай тартиптин киргизилишин долбоордун автору, Жогорку Кеңештин вице-спикери Кубанычбек Исабеков чет өлкөлүк жарандардын эсебинин иретке келтириле электиги менен түшүндүрдү. Анын айтымында, жасалма никеге тургандар, жашыруун ишмердик кылгандар көбөйүп жатат. Маселен, былтыр Кыргызстанга Пакистандан 1908 адам келип, алардын 702си гана кайра кайткан.

XS
SM
MD
LG