Белгилүү кинорежиссер Темир Бирназаров тарткан бул тасмада улуттук салттардын оош-кыйышы, кыйынчылыктарга карабай жашап келүүсү, коом мыйзамы менен намыс мыйзамынын күрөшү, курнамыс курмандыгынын тереңдиги жана башка талылуу маселелер чагылдырылган.Фильмде башкы ролду кыргыз-түрк “Манас” университетинин студенти Акжол Бекболотов ойногон. Ал эми башка эпизоддук ролдордо ойногон актерлордун деерлик баардыгы професионалдар эмес. 9 миң долларга жакын акча каражаты сарпталган бул тасманын баардык чыгымдарын “Айтыш фильм” студиясы көтөргөн.
Бул тасманын заманбап HDV форматында тартылышы улуттук кинонун тарыхындагы технологиялык жаңы баракты ачты.
-Биздин мамлекет үчүн бул нерсе мактана турган нерсе. Бирок мындан кымбат, күчтүү техникалар башка өлкөлөрдө бар. Биздин экономикага жараша бул дагы жаман эмес. Мындай HDV форматындагы техника менен тартылган тасманын сапаты жакшы болот,- дейт фильмдин режиссеру Темир Бирназаров.
Ал эми кинорежиссер Эрнист Абдыжапаровдун пикиринде, бул тасма ойго сала турган, биздин элге көрсөтө турган, тарбиялык мааниси терең фильм болуптур: Менин оюмча чет мамлекетке көрсөтсө боло тургандай деңгээлде тартылган экен.
Фильмди жаратуучулар бул тасманы эл аралык кинофестивалдарда көрсөтүүнү ниет кылышууда. Мындан сырткары “Айтыш фильм” студиясы дагы бир катар фильмдердин үстүндө иштөөдө. Cтудиянын негиздөөчүсү Садык Шер-Нияздын айтымында, алар тарткан “Биринчи кадр” толук метраждуу кинокомедиясы жана кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев тууралуу даректүү фильмдери жакын арада көрүүчүлөргө сунушталат.