Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

АЗИЯ ОЮНДАРЫНДА КЫРГЫЗСТАН АЛГАЧКЫ МЕДАЛДЫ УТТУ


Кабыл Макешов, Доха шаары 5-декабрь кыргыз спорт күйөрмандары үчүн кубанычтуу күн болду. Катарда өтүп жаткан Азиялык оюндарда 32 жаштагы Евгений Ваккер велоспорт жарышынан Кыргызстанга алгачкы медалды алып берди. Буга чейинки Азиялык оюндарда үч ирет байгелүү орундарга татыган спортчу маарага экинчи болуп келди.

Оюн түштөн кийин башталды. Маарага Кытайлык спортчу Евгений Ваккерден 43 секунд гана эрте жетти. Евгений Ваккер алтын байге утсам деген тилегине жетпей калды.

Кыргызстандык боксчу жапандык атаандашы менен таймашка чыккан жатат. Шераалы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын директири Касымкул Оңолбековдун пикиринде бул чоң спортто чоң ийгиликке жетиш үчүн жалаң гана машыгуулар, машыктыруучулардын эмгеги эмес, спорттук инвентарь менен спорттук обьектилердин мааниси чоң.

-Биз аны кийинки 10-15-жылда билип калдык. Андан тышкары фармакалогиялык каражаттарды спортчулардын колдонуусу талап кылынат.15-Азиялык оюндардын спорт ареналары азыркы деңгээлге жараша курулган. Ал оюнга катышып жаткан Кытай велоспортунун ар бир спортсменине велосипеддер ыңгайлуу жасалган. Бүгүн биздин жигиттер велоспорт боюнча маарага жетишти. Биздин жигиттер алдыдагы мелдештерден Кыргызстандын намысын коргоп, чоң ийгиликтерге жетишет деген үмүт менен турабыз",- дейт Касымкул Оңолбеков.

Кыргызстандык суучулдар дагы ийгиликке жете алган жок. Кыз-келиндердин 50 метр ок атуу мелдешине кыргызстандык кыздар да катышты. Алар 37-36 -акыркы орундарды ээлешти. Мында казакстандык Ольга Долгун күмүш байге утуп алды. Кечээ күнү Казакстанга 6 медаль утуп берген.

Жалпы командалык жыйынтык боюнча Кытай командасы алдыда баратат. 2-орунда Жапон мамлекети, 3-орунда Түштүк Корея, Казакстан 4-орунда келатат. Учурда Казакстан 9 алтын, 8 күмүш, 15 коло байге утуп алышты.

Өзбекстандык спорт күйөрмандары дагы кубандырып турган учуру. Себеби деген Өзбекстандык гребле спортчулары 2 алтын байге утуп алышып, Өзбекстан жалпы командалык эсепте 9-орунга көтөрүлүштү.

Кыргызстан 23-катарда Түркмөнстан менен бирдей турат. Ушул күмүш байгеси Кыргызстанды 23-орунга жеткирди.
XS
SM
MD
LG