Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:00

РОЗА АКНАЗАРОВА: ЖАКЫРЧЫЛЫКТАН ЧЫГЫП, БАЙ МАМЛЕКЕТ БОЛО АЛАБЫЗ


“Эл ынтымагы” саясий партиясынын төрайымы экономика илимдеринин доктору Роза Акназарова Кыргызстандагы бирден-бир орчундуу маселелердин бири “ХИПИК” программасы боюнча өз ой пикирлерин кабарчыбыз Мээрим Султангазы кызы менен ой бөлүшкөн.

-Учурда Кыргызстанда “ХИПИК” программасына кирүүгө каршы пикеттер улантылып жатат. Сиз өзүңүз бул программага кандай көз караштасыз?

-Бул программаны биздин партия колдобойт. Анткени “ХИПИКтин” шартын бүгүнкү күндө Кыргызстандын каржы министри менен Улуттук банктын төрагалары билбесе президенттен баштап карапайым элдерге чейин анын кандай шарттары бар экенин эч ким билбейт. Экинчи орто мөөнөттүк программага кирдик деп жатабыз. Эми ал программада айтылгандай ачык айкын, эффективдүү башкаруу болуш керек. Бүгүнкү күндө ал программа жөнүндө толук, айкын айтып, жазып, түшүндүрүп берсе. Биз толук жообубуздуберет элек. Ал программага өткөндө Кыргызстан үчүн кандай утуш болот. Кандай шартта өтүш керек. Бүгүнкү күнгө анын шарты эч кимге айтыла элек.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикасын көтөрө турган шарттар бар. Жаратылыш байлыгы, элдик ресурстар бар. Эгерде бизнестин рынок экономикасынын жолун түшүндүрүп берсе, биздин эл бат эле кабылдап, түшүнүп алат эле. Андан сырткары биздин жаратылыш байлыктар тоо-кен, суубуз бар. Кыргызстан таза суу боюнча дүйнө жүзү боюнча биринчи орунду алат. “Комсомольская правда” гезитинде жазылып жүрөт 2030-жылы нефти чыккан мамлекеттердин деңгээли түшөт да, таза суусу бар өлкөлөр көтөрүлөт деп. Мен ойлойм таза сууга көңүл бурсак. Күндүн нурун, шамалды, тоолорду иштетсек болот. Акчабаз жок деп жатабыз. Акчасы бар адамдарды акчасын легалдаштыруу керек. Микрокредиттерди дагы алар аркылуу берсек көп маселелер чечилет.

-Сиздин оюңуз боюнча Кыргызстан “ХИПИКке” кирбей эле тышкы карызды жеңилдете алат турбайбы?

-Эгерде туура жолду тандап алсак Кыргызстан сөзсүз түрдө бай мамлекеттердин катарына кошулат деген ойдомун.

-Сиз бийлик учурунда бир нече жыл жогорку кызматта иштеп келдиңиз. Өлкөнүн тышкы карызын жеңилдетүүнүн жолдорун мурунку бийлик карады беле же кандайдыр бир механизмдери иштетилип чыкты беле?

-Тышкы карыздар эмне себептен пайда болду. Бул маселени аягына чейин чыгарыш керек. Мамлекет гарант болгон кредиттерди бербеш керек. Азыркы убакта жана мурунку убакта кимдерге берилген. Кандай шартта берилген. Ал маселелерди көтөрүш керек.

-2004-жылы сиз Эмгек жана социалдык коргоо министрлигин жетектеп турган кезде айткан экенсиз өлкөнүн жакырчылыгы 40,8 пайызды түзөт. Азыр бул көрсөткүч кандай болууда?

-Биздин өлкөдө азыркы күндө 42-43 пайыз жарды жашагандар бар. Анын көбүн 55,5 пайызын айыл жергесинин тургундары түзөт. Бул жардылыктан чыгыш үчүн эң алды элди социалдык мобилизацияга жана руханий жактан өнүгүп өсүүгө үйрөтүш керек. Кыргыздын менталитетин, идеологиясын оңдошубуз керек. Патриот болуп жапа тырмак иштесек бул абалдан чыгабыз.

XS
SM
MD
LG