Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:49

17:00 К.Бакиев: тергөө бүткүчө АКШ аскер кызматкери Кыргызстандан кетпеши керек


«Манас» аба майданындагы ок атууга байланыштуу президент Курманбек Бакиев бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Иованович менен АКШ аскер базасынын башчысы Жоэл Ристи кабыл алды. Жолугушууда президент Бакиев кылмышка тиешеси бар катары саналып жаткан АКШ аскер кызматкеринин Кыргызстандан кетпей, бардык тергөө иштерине катышуусун сунуш кылды. Мамлекет башчы АКШга жолдонгон нотанын бул өңүтүн кайра карап чыгууну Тышкы иштер министрлигине тапшырды. АКШ элчиси биргелешкен комиссиянын жыйынтыгы ушул айдын этегинде чейин чыгарын билдирди.(BuS)

XS
SM
MD
LG