Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

17:30 «Күмтөр» ишканасы Барскоон окуясында жабыр тарткандарга бир миллион сом компенсация төлөп бермей болду


Мындай тыянак бүгүн ишкана башчысы Эндрью Льюис менен Жогорку Кеңештин төрага орун басары Эркинбек Алымбеков баштаган демилгелүү топтун сүйлөшүүсүнөн кийин чыкты. Ишкана былтыр убада кылган төрт миллион сом компенсациянын жарымын төлөп бере элек болчу. Муну талап кылган элүү чамалаш демилгелүү топ бүгүн эртең менен «Кумтөр» ишканасынын Бишкек кеңсесинин алдына келип пикетке чыгышкан. 1998-жылкы цианид кырсыгынан жабыркаган айылдардын катарына Кичижаргылчак, Чоңжаргылчак, Барскоон, Тамга, Тосор кирет.(BuS)

XS
SM
MD
LG