Спорт күйөрмандарына түшүнүктүү болуш үчүн 7-декабрда болуп өткөн мелдештердин жыйынтыктары тууралуу айта кетейин. Кыргызстандык спортчулар ок атуу, сууда сүзүү жана таэквандо боюнча мелдештерге катышып жатышат.
Доха шаарынын 60 км алыста жайгашкан ок атуу борборунда 50 метрден бута атууга кырк беш мерген катышып, баш байгени алтын жана күмүш медалды кытайлык спортчулар ээледи. Кыргызстандык спорт күйөрмандарынын ишенимин Юрий Ломов, Руслан жана Тахир Исмаилов актай алышбады.
Руслан Исмаилов быйыл ушул 50 метр бута атууда Азиянын чемпионатында күмүш байгени уткан эле. Бул ирет 15-Азия оюндарында жолу болбой, үч көнүгүүдө 1141 упай топтоо менен 16-орундан жогору көтөрүлө албады. Мурдагы 12-13-14-Азия оюндарында күмүш коло байге уткан Юрий Ломов да быйыл бул жолу мергендигин көрсөтө албай, ийгиликке жеткен жок. Ал 19-орун менен чектелди. Тахир Исмаилов болсо 29-орунда кала берди.
Сууда сүзүү мелдештеринде да кыргызстандык спортчулар ийгилик жарата албады. Он беш жаштагы Тимур Картаңбаев 1500 метр жарышта мыктылардын сабына кошула алган жок. 100 метрден төрт жолу эстафеталык мелдеште да кыргызстандык суучулдар 11-орун менен гана чектелди.
Азырынча жалпы командалык эсепте кытайлык спортчулар алдыда, биринчиликти колдон чыгарышкан жок. Экинчи катарда Жапон өлкөсү, үчүнчү орунда Түштүк Корея мамлекети, ал эми Казакстан мамлекети 10 алтын медалы менен 4-орунда келатат. Кыргызстан болсо бир күмүш байгеси менен 24-орунда турат.