Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:10

БИШКЕКТЕ ОРУС КИНО ЖУМАЛЫГЫ ӨТҮП ЖАТАТ


Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги уюштуруп жаткан киножумалыктын алкагында кинокүйөрмандарына жаңы тартылган тасмалар көрсөтүлөт. Алардын айрымдарын атай кетсек “Айдап баруу”, “Акыркы бронопоезд”, “Тирүү”, “Хоттабыч” жана башка фильмдер. Көрармандар бул тасмаларды бекер көрө алышат.

Бишкектеги “Ала-Тоо” кинотеатрынын жетекчиси Дөөлөсбек Жаркынбаев советтик кинолорду көрүүчүлөр жакшы кабыл аларын, ал тасмалардын бекер көрсөтүлүшү элчиликтин маданиятка кошкон салымы, дейт.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги мындай киножумалыкты үч жылдан бери уюштурууда. Жылына үч-төрт ирет өткөрүп, он кинотасма көрсөтүшөт. Элчиликтин катчысы Владимир Сбиронов бул маданий иш-чара кинокүйөрмандарга жаңы-жылдык белек катары уюштурулуп жатканын айтып, мындан ары да улантыла берерин кошумчалады.

-Биз мындай кинофестивалдарды жылына бир нече ирет өткөрөбүз. Ар бир жолу кинокүйөрмандарына жаңы жаралган тасмаларды көрсөткөнгө аракет кылабыз. Бул ирет да орус кинорежиссерлору тарткан, мыкты деп эсептелген фильмдерди тартуулайбыз. Бул иш-чара комерциялык багытты көздөбөйт, негизги максатыбыз кинотармагында болуп жаткан жаңылыктар менен бөлүшүп, орус кинорежиссерлорунун жаңы эмгектерин элге тааныштыруу,- дейт орус дипломаты.

Бул киножумалык 22-декабрга чейин созулат. Аталган элчиликтин билдиргенине караганда февраль айында чакан кинофестиваль өткөрүлөт. Анда жаңы тасмалар менен катар кинокүйөрмандарынын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон фильмдер сунушталат.

-“Мосфильм” менен, Орусиянын башка киностудиялары менен тыгыз иштешсек жакшы натыйжалар болот деп ойлойм- дейт “Кыргызкино” концерндин жетекчиси Замир Эралиев.

“Алатоо” кинотеатрынын жетекчилиги Кореянын, Индиянын, Франциянын, Швейцариянын элчиликтери менен кызматташып кинофестивалдарды уюштуруп келет. Кинотеатрдын жетекчиси Дөөлөсбек Жаркынбаевдын билдиргенине караганда башка чет өлкөлөрдүн элчиликтери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.
Эгер аталган мамлекеттер менен келишим түзүлө турган болсо, жылына эки жолу киножумалык уюштурулуп, көрүүчүлөргө жаңы тартылган тасмалар көрсөтүлмөкчү.
XS
SM
MD
LG