Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

ОРУС ПАРЛАМЕНТИ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК МИГРАНТТАРГА ЧЕКТӨӨЛӨРДҮ КИРГИЗҮҮНҮ КОЛДОП ЖАТАТ


Төрөкул Дооров, Москва 6-декабрда Орусия парламентинин мыйзам чыгаруу палатасы (Мамдума) мындан ары орус жергесиндеги эмгек мигранттарынын турмушуна чоң өзгөрүүлөрдү киргизе турган маселелерди карады. Алардын негизгиси – эмгек мигранттарын жылына квота менен гана чакыруу боюнча документти орус парламенти биринчи окулушунда кабыл алды.

Орусиянын миграция саясатындагы жаңылануулар мындагы чет-өлкөлүк эмгек мигранттардын турмушуна чынында көп өзгөрүүлөрдү киргизгени турат. Биринчиден, орус жергесиндеги мигранттардын көпчүлүгү мыйзамсыз иштеп жүрөт. Экинчиден, алардын ичинде базарларда сатуучулук кылгандары көп. Үчүнчүдөн, мигранттардын басымдуу бөлүгү мыйзамсыз жашагандыктан, догдурларга барыш үчүн медициналык камсыздандыруу документтерин ала алышпайт. Эми мунун баарына эми чекит коюлушу күтүлүүдө.

Шаршембиде Мамдума чет өлкөлүк мигранттарга тиешелүү азыр иштеп жаткан мыйзамдарга айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин карады. Мындан ары чет өлкөлүк мигранттарга квота бөлүүнү караштырган мыйзам долбоору биринчи окулушунда жактырылды.

Ал документке ылайык келерки жылдан тарта Орусияга визасыз катнаштагы КМШ мамлекеттеринен 6 млн.дой мигрант келүүгө укуктуу. Ал эми виза алакасы бар мамлекеттерден болгону 300 миңдей эле киши келе алат. Беларустан келгендер эч кандай чектөөсүз иштей беришет.

Анын үстүнө, мыйзам долбоорунда айтылгандай «Чет өлкөлүк атуулдар орус жергесиндеги базарларда, дарыканалар менен алкогол ичимдиктерин саткан дүкөндөрдө сатуучулук кыла алышпайт». Дарыканалар менен алкогол ичимдиктерин саткан жерлерде мигранттар мурдатан эле аз болгон деңизчи, бирок чоң базарларда сатуучулук кылгандар аябай көп эле. Алардын ичинде, мисалы, Строгино, Черкизов, Измалов жана башка базарларда иштегендердин ичинде кыргызстандык мигранттар да толтура.

Москвадагы кыргызстандык мигранттар буга түрдүүчө пикирде. Айрымдары бул өңдүү өзгөрүүлөр жөнүндө дегеле уккан эмес, кээ бирлери болсо, анын кыргызстандыктарга анча деле тиешеси жок деп билишет. Дагы бирөөлөрү баары бир мунун терс жактары бар экенин айтышууда.

- Биз үчүн кыргызстандыктар Орусияга келип, иштеп турганы жакшы. Анткени Кыргызстандын өзүндө жумуш үчүн шарттар жакшы эмес. Мигранттардын санын кыскартканы бизге терс таасирин тийгизет. Биз аябай оор шарттарда көчө шыпырып, жүк ташып, же курулуш ишканаларында иштеп жүрөбүз. Бирок акча табыш үчүн иштеп жүрөбүз, - дейт кыргызстандык бир жигит.

Мамдумада депутаттар бул мыйзам долбоорун карап жатышканда, ага бир эле депутат каршы болгон. Бул – Владимир Рыжков. Анын оюнда, миграциялык саясатта орой чаралардын колдонулушу өлкөнүн экономикасына зыян.

Жакында Дүйнөлүк банк да өз отчетунда «Орусия учурдагы өнүгүүнүн деңгээлин жана элдин санын сактап калгысы келсе, анда ага жылына бир млн.дой мигрант керек болот. Бирок учурдагы квота саясаты ишке ашырыла турган болсо, бул максаттарга жетүүгө мүмкүн эмес» деп билдирген эле.

Бирок орус бийлиги такыр башкача ойдо. Мыйзам долбоорун жактап чыккан депутаттар «Бул эмгек миграциясын тартипке келтире ала турган чара» деп белгилешти.

Москвадагы «Саясий маалымат борборунун» директору Алексей Мухин да муну туура деп билет.

- Мыйзамсыз миграция менен күрөшүү, албетте, мактоого алаарлык иш. Муну КМШдагы башка мамлекеттердин президенттери да айтып келатышат. Бирок бул көрүнүш менен күрөшүүдө чечкиндүү, катуу чаралар болбосо, натыйжа болбой турганын көрдүк. Анткени жумшак чаралар, биринчи кезекте, укук коргоо органдарында коррупциянын өсүшүнө алып келет экен. Ошондуктан бул жаатта репрессивдүү чаралар керек экендиги жогорку деңгээлде чечилди жана бул идеяны президент Путин өзү да колдоду. Анын үстүнө бул өңдүү аракеттерге өтүүнү жергиликтүү калк да жакшы кабыл алып жатат, - дейт москвалык аналитик Алексей Мухин.

Аталган мыйзам долбоору биринчи окулушунан жактырылды. Непада ал мыйзам катары иштеп кала турган болсо, келерки жылдын башынан тарта орус базарларында бир топ эле тополоң болушу мүмкүн.

Айтмакчы, орус депутаттары эми мигранттар сөзсүз медициналык камсыздандыруу барактарын да алууга милдеттүү боло турган маселени да карай башташты. Алардын ишениминде, бул мигранттардын дарыланууга болгон укугун коргоого багытталган аракет экен.

XS
SM
MD
LG