Кечээ өкмөт башчы Феликс Кулов «Курман айт майрамы, жумушчу жана эс алуу күндөрүн которуу» тууралуу токтомго кол койду. Ага ылайык Курман айт жана 7-январда белгиленчү Иса пайгамбардын туулган күнү дем алыш күндөргө туш келип калганына байланыштуу эс алуу күндөрү 2-5-январга, 3-4-январдагы жумуш күндөрү 30-декабрга жана 13-январга которулду. Ошентип кыргызстандыктар 31-декабрдан 7-январга чейин катарынан 8 күн эс ала турган болушту. (SM)