Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

ЭКСПЕРТТЕРДИН КЕҢЕШИН БУШ ЭСКЕ АЛАБЫ?


АКШ конгрессинин жогорку даражалуу комиссиясы президент Жорж Бушка Ирактагы саясатты кескин өзгөртүүнү сунуш кылды. Бейкер-Хамильтон комиссиясынын докладында камтылган сунуштардын милдеттүү күчү жок, бирок Ак үй аларга олуттуу маани берип,кунт коюп карап чыкканга ишендирүүдө. Документке Ирак,ага коңшулаш өлкөлөр жана АКШнын союздаштары да үн кошуп жатышат.

Ак үйдүн өкүлү Тони Сноу ырастагандай,президент Буш Ирактагы кырдаалды кабыл алгылыксыз деп эсептейт жана аны ойдогудай оролго салуунун жаңы жолдорун издегиси келет. Буш өзү да докладды администрация олуттуу дитин берип карап чыгарын, анда Ирактагы абалга катаң баа берилгенин жана бир катар кызыктуу сунуштар бар экенин белгиледи.

Бейкер-Хамильтон комиссиясынын докладында сексенге чукул сунуш-таклиптер бар. Эң башкысы – америкалык аскерлер Ирактагы согуш операцияларын кескин кыскартышы керек жана акырындап өз базаларын чыгара баштоого тийиш. Буга катарлаш АКШ өкмөтү кырдаалды жөнгө салуу ишине Сирия менен Иранды тартышы керек. Бул шарттар аткарылбаса, Ирактагы кооп-козголоңдуу абал узакка созулуп, салакалуу натыйжаларга алып келиши ыктымал, деп эскертилет докладда.

Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки эгер Кошмо Штаттары Ирактагы кризистин бүтүшүнө кызыкдар болсо,Тегеран буга жардамдашканга даяр экенин ырастады. Бирок алар муну кантип жасоо керектигин да айтышы керек, мен,мисалы, муну билбейм, деп кошумчалады иран министри.

Сириянын өкмөтү азырынча өз пикирин айта элек.Бирок сириялык депутаттардын бири Мохаммад Хабаш докладда Иракка коңшулаш өлкөлөрдүн ролу тууралуу адилеттүү тыянактар жасалганын, мындай чакырыктарга президент Буш кулак какпай келгенин белгилеп,эми конгрессте демократтар үстөмдүк абалга жеткенде ал батылдык кылып, Сирия менен сүйлөшүүлөргө макул болот го деген үмүтүн билдирди.

Ирактагы мусулман аалымдар бирикмесинин өкүлү Башар Фэйди да докладдагы тыянактарды колдоду. “Бу документ,менимче, чынчыл доклад. Ошол себептен аны президент Буш “катаң баа” деп кабыл алды. Иракта эч кандай утуш жок, эч кандай прогресс жок, кырдаалды жөнгө салуунун да эч кандай ыкмасы жок - эң башкы чындык мына ушунда”, - деп айтты мусулман аалымы.

АКШнын эң ишенимдүү союздашы Британиянын да Иракта аскер контингенти бар. Өлкөнүн тышкы иштер министри Маргарет Бэкетт докладды кубаттап, комиссиянын мүчөлөрү олуттуу иликтөөлөрдү өткөргөнүн, жалпы талкуу-таңаштарга Лондон да өз салымын кошконун, тараптардын көз караштары көп жагынан окшош экенин ырастады. Ошентсе комиссиянын ырасмий сунуштарын кунт коюп карап чыгышыбыз керек, деп айтты ал.

Бүгүн премьер Тони Блэр Вашингтондо президент Жорж Буш менен жолугуп,Ирак маселесин талкуулайт. Блэр да Иракта жеңишке жетүү мүмкүн эместигин кечээ моюнга алды.

Докладды АКШнын өзүндө да саясатчылар дамамат комментариялап жатышат. Демократ-сенатор Карл Левин, мисалы, комиссиянын докладын азыркы саясатка урулган сокку деп баалады. Анын айтымында, бу багытты өзгөртүүнүн бир нече жолу сунуш кылынган, алардын бири – Иракта аскерлердин санын кыскартуу,мындан тышкары Ирак өкмөтү проблеманы саясий ыкмалар менен чечүүгө тийиш,мындан башка жол жок.

Сенатор Левин жаңы жылдан тартып сенатта аскери иштер боюнча комитетти жетектемекчи.

XS
SM
MD
LG