Катрина ванден Хойвел америкалык либералдуу "Нейшн" же "Улут" журналынын редактору:
– Анын жупуну, бир аз тартынчаак жүрүм-турумунан акыйкатсыздык менен коррупция дегенде каны кайнаган эр жүрөк жана тартынбас журналист экени дароо байкалчу эмес. Анна Политковская журналисттик кесибин жетим балдардын үйлөрүн чагылдыруудан баштаганы унутулуп калган. Ал өлтүрүлүп кеткенден бир нече сааттан кийин жөнөткөн катында Орусиялык журналисттер союзунун жетекчиси Игор Яковенко "Анна азап тарткандарды коргогон аял болгон" деп жазды. Ал Грозныйда көп кишинин өмүрүн сактап калды. Көкүрөгүндөгү акыйкаттык сезимге жетеленип жазчу, ал эч качан "саясий кызыкчылыктар" деп аталган көрүнүшкө жакын жологон эмес.
Муза Клебникова 2004-жылы Маскөөдө атып өлтүрүлгөн "Форбс" журналынын орусиялык басылмасынын америкалык редактору Пол Клебниковдун жесири. Ал да Политковская менен тааныш болгон:
– Биз былтыр жолукканда Анна эмгиче тирүү жүргөнүнө өзү да таң калаарын айткан. "Менин ишимен алып караганда, бүгүн жер үстүндө басып жүргөнүм - нагыз сыйкыр" деген эле. Ал кандай чаар жылаандын куйругун басып жатканын билген бирок бул аны токтоткон эмес. Ал азап тарткандарды эл көрүп, зарын уксун дечү. Бул анын эң күчтүү адамгерчилик максаты болгон.
Белгилүү "Нью-йоркер" журналынын редактору Давид Ремник Анна Политковская Батышта канчалык атактуу болсо, өз мекенинде бийликтер аны ошончолук жек көрүшкөнүн мындайча белгиледи:
-Тагдырдын тамашасы ушул турбайбы. Ал Батышта, айрыкча Кошмо Штаттарында мүмкүн болгон бардык сыйлыктарды алды. Ал буга татыктуу болгон. Нью-йоркто, Парижде, же Лондондо Валдорф-Астория же дагы башка салтанат жайларында сыйлыктарды алчу, эр жүрөктүгү, калемгерлик шыгы, көздөгөн максатына берилгендиги үчүн сый-урматка бөлөнчү. Кийин мекенине кайтып келчү, ал жакта аны өкмөт көрдөн сууруп, көрдөн алып жаманатты кылаар эле.