Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевди депутаттыктан чакыртып алуу тууралуу «Базаркоргон саясий күчтөр» биримдигинин сунушуна БШК ушундай жооп берди. БШКнын маалымат кызматынын кабарлаганына караганда, буга байланышкан 1996-жылдын 31-октябрында кабыл алынган мыйзамдын күчүн жоготкондугу тууралуу мыйзам 2006-жылдын 1-февралында кабыл алынган. «Базаркоргон саясий күчтөр» биримдиги аталган округдан шайланган депутат Текебаевди чакыртып алуу боюнча 16 миң кол топтоп, Борборшайлоокомго тапшырганын 6-декабрда жарыялаган болчу.(BuS)