Бул тууралуу «Манаста» жайгашкан АКШ аба-аскер базасы билдирүү таратты. Анда белгиленгенге караганда, базанын кыргызстандык айдоочусу Александр Ивановду атып өлтүргөн аскерий кызматкер учурда авиабазада кала берүүдө. Билдирүүдө ошондой эле аскер кызматкери айдоочу бычак менен саям деп коркутканда коргонуу максатында аскерий стандартка ылайык көкүрөккө атканы белгиленген. Учурда биргелешкен комиссия иштеп жатат, ал окуяны эле эмес, анын келип чыгуу себебин иликтөө максатын да көздөйт деп айтылат билдирүүдө.(BuS)
12:40 Америкалык аба аскер базасынын ок аткан кызматкери кызматынан бошотулуп, куралы алынды