Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:42

13:00 Базаркоргон районунда белгисиз адамдар кылмыш дүйнөсүнүн өкүлүн өлтүрүп кетишти


Базаркоргон райондук ооруканасында , 7-декабрда , кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү деп эсептелген Болот Аширов жан берди. Ал үч күн мурда буту-колунан
жараат алган. 5-декабрда кечке жуук номерлери жок "Мазда " жана "УАЗ" маркасындагы машиналардан түшкөн бети чүмбөттөлгөн жана камуфляж кийимчен
белгисиз 11 киши Аширов менен дагы төрт адамды "Ауди" унаасынан сууруп чыгып, темир таяктар менен сабашкан. Кийин ок чыгарышып, изин жашырып кетишкен. Окуя болгон жерден 9 калибрлуу октун патрону менен гильза табылган. Кылмышкерлерди издөө иши жүрүп жатат.Райондун прокурорунун орунбасары Мирлан Кожакматов 8-декабрда аталган окуяга ылайык кылмыш
кодексинин 104-беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG