Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

10:30 Эл аралык адам укугун коргоо күнүнө карата бүгүн салтанаттуу жыйын өткөрмөкчү


Бул тууралуу КР президентинин алдындагы адам укугун коргоо комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында жыйынга Кыргызстандагы адам укугун коргоочу уюмдар, укук коргоочулар жана бийлик өкүлдөрү чакырылган. 1948-жылы 10-декабрда АКШда адам укугун коргоо боюнча атайын декларация кабыл алынган. Ошондон тарта бул күн адам укугун коргоонун эл аралык күнү катары белгиленип келет.
Адам укугун коргоочу эл аралык Хьюман райтс вотч уюмунун баасы боюнча быйылкы жылы Кыргызстан жарым-жартылай эркин өлкөлөрдүн катарына кирген.(ZK)

XS
SM
MD
LG