Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

СССР МАМЛЕКЕТИНИН КЫЙРАГАНЫНА ОН БЕШ ЖЫЛ БОЛДУ


Мындан он беш илгери – 1991-жылдын 8-декабрында үч славян республикасынын жетекчилери – Борис Ельцин,Леонид Кравчук жана Станислав Шушкевич - Беловеж токоюнда көз карандысыз мамлекеттер шериктештигин жарыялаган жана анын аркасында Советтер Союзу кыйраган. Беловеж келишимин эски совет аймагында кубаттагандарга караганда айыптагандар алиге чейин көптүк кылат.

Беловеждеги келишимге кол койгондор Советтер Союзу эртедир-кечтир баары бир куламак, аны сактап калганга мүмкүн эмес болчу дешет. Станислав Шушкевич, мисалы, Беловежде келишим түзгөндөр союзду кыйратты дегендер жаңылышарын, анткени союзду ага чейин эле ГКЧПистер менен Горбачев кыйратып бүткөнүн белгиледи.

Беловеж келишими, Шушкевичтин ишениминде,союзду Югославиянын кайгылуу ыкыбалынан коргоп калуунун бирден-бир жолу болду.

Борис Ельцин менен Леонид Кравчук да Шушкевичтин айткандарын толук колдошот. Бирок союзду сактап калганга болот эле, болгону славян республикаларынын ушул үч жетекчиси тек гана Горбачевдон кутулуу үчүн дүйнөдөгү улуу державаны өздөрүнүн жеке мүдөөсүнө курмандыкка чалып жиберишти деп эсептегендер алиге чейин көптүк кылат.

Өткөн апталарда өткөрүлгөн сурамжыларда байкалгандай,СССРдин кыйраганына өктөө кылгандар Белоруссияда – 53,Россияда - 68,Украинада - 59 процентке жетет. Алардын саны Кыргызстанда –78,Тажикстанда – 62,Казакстанда – 54 проценттен ашат.

Ал эми үч славян өлкөсүндөгү жаштар арасында СССРдин кулаганына арман кылгандар абдан аз, алардын басымдуу көпчүлүгү бирдиктүү Европада жашаганды аваз көрүшөт.

Белоруссиялык Алех Сушко он беш жыл мурда 8-декабрь күнү жарык дүйнөгө келген. “Ата-энемин айткандарына караганда, 1991-жылы кырдаал абдан кыйын болгон экен. Капчыкта калың акча болгон менен сатып алганга эчтеме калган эмес дешет. Эми болсо сатып алганга баары бар,бирок акча жок”,- дейт Алех.

Алехтин курбалдашы,армениялык өспүрүм кыз Инга Гукасяндын 1991-жылдын декабры тууралуу дегеле кабары жок.

Кыргызстандын Ош шаарында турган Жаңыл Ташбаева да 1991-жылы декабрда төрөлгөн. Ата-энеси ага ошо кездеги турмуш тууралуу көп жакшы сөздөрдү айтып жүрөт. “Эң башкысы ал кезде бир сомго курсак тойгудай оокат сатып алышкан экен, азыркыдай асмандаган баа болбоптур”,- дейт Жаңыл.

Татарстандык Айрат аттуу боз улан да коммунизм тууралуу ата-энесинен көп уккан. “Алардын кебине караганда,Брежневдин заманында турмуш жакшы эле болуптур, ал эми Сталин менен Лениндин тушунда заман катаал жана каат болгон дешет. Эгер мага алардын кайсынысын тандап аласың десе,мен Бреженевдин заманын тандайт элем”,- дейт Айрат.

XS
SM
MD
LG