Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:10

12:00 АКШ Конгрессинин Хельсинки комиссиясынын теңтөрагасы Кыргызстандагы абалга баа берди.


АКШ конгрессинин Хельсинки комиссиясынын тең-төрагасы Кристофер Смит 7-декабрда Вашингтондо сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандагы азыркы саясий абалга баа берип, айрым оң жана терс жактарга токтолду. Анын айтымында, кабыл алынган жаңы конституция боюнча президенттин бийлиги чектелип, парламент менен өкмөткө көбүрөөк укук берилди. Аны менен катар, Башмыйзам иштебей, коррупция өлкөдөгү негизги көйгөйлүү маселе болуп кала берүүдө.

Ал - элдин күчү менен мамлекет башына келген жаңы бийлик өз убадаларын аткарбаганы, өлкөдө кылмыштуулуктун жайылышы, жогорку деңгээлдеги коррупция жана экономикалык жактан өсүш болбогондугу ноябрь айында “Реформа үчүн!” кыймылы тарабынан нааразылык митингдеринин уюштурулушуна алып келгендигин белгилейт. Бирок конгрессмен - башында президенттин отставкасын талап кылып башталган бул митингдердин аягы тынчтык жолунда бир пикирге келишүү менен аяктаганын жана анда оппозиция бир топ ийгиликке жетишкенин айтып, Кыргызстан Борбор Азиядагы башка коңшуларына бийлик менен оппозиция кан төгүүсүз бир пикирге келсе боло тургандыгын үлгү кылып көрсөткөнүн айтат.

Ошондой эле конгрессмен Кыргызстанды Борбор Азиядагы өлкөлөр ичиндеги демократияга көбүрөөк ыктаган жалгыз мамлекет катары баалайт. Ал өз сөзүндө Борбор Азиядагы Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Казакстандын башчылары өз бийлигин мындан ары да бекемдөөгө аракет жасап жатканда Кыргызстан мына ушундай үлгү менен ага үмүт бергенин белгилейт.

XS
SM
MD
LG