Бириккен Улуттардын адам укуктар боюнча эксперти Адриан Северин кечээ күнү Женева шаарынан атайын билдирүү жасап, Беларус оппозициялык саясатчысы Александр Козулиндин ден соолугу начарлап баратат деп жарыялады. Козулин - үстүбүздөгү жылдын башында өткөрүлгөн президенттик шайлоого талапкер катары катышкан жана кийин хулигандыктан күнөөлөнүп, абакка отургузулган. Мындан жети апта мурда Козулин ачкачылык жарыялаган.