Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:55

ТАЛГАТ КАРИМОВ – КАЗАКСТАНДЫН МАДАНИЯТ КАЙРАТКЕРИ


“Талант тагдыры” атуу түрмөгүбүздүн бүгүнкү мейманы Казак Республикасынын маданият кайраткери, Эл аралык сыйлыктардын лауреаты, белгилүү жаш домбрачы Талгат Каримов. Ал үстүбүздөгү жылдын 3-декабрында Кыргыз улуттук филармониясынын залында Президенттик “Манас” камералык оркестринин коштоосунда концерт берди.

Канатташ жашаган Казакстандын Павлодарынан атайын президенттик “Манас” камералык оркестринин башкы дирижеру, көркөм жетекчи, Республиканын эмгек сиңирген артисти Эрнист Асаналиевдин чакыруусу менен келген таланттуу жаш домбырачы Талгат Каримов ордо калаанын угуучуларына оркестрдин коштоосунда өнөрүн тартуулады.

Концерт Кыргыз Улуттук филармониянын кичи залында өттү. Талгат мырза концертте оркестрдин коштоосунда кандай чыгармаларды аткардың деп сурадым:

- Бул концертте камералык оркестрдин коштоосунда домбырадагы “Арной” деген күүнү, орустун “Коробейники” аттуу калк ырынын обонуна жазылган фонтазияны, Б. Кулболдиев менен Р. Мироновичтин “Концертносун”, Самарбүбү Токтакунова эже экөөбүз аткардык. Угуучулар абдан жакшы кабыл алышты. Угармандардын суроолору боюнча казактын күүлөрүн да аткардым.

-Талгат мырза өздүк репертуарыңда оркестрдин коштоосуз домбырада жеке черткен казак күүлөрү барбы. Болсо алар кимдердин күүлөрү?


-Мен казак күүлөрүнөн Курмангазынын “Айдай”, Нургиза Тилендиевдин “Алтиса”, Өскөнбайдын “Бубул ак желен” деген күүлөрүн билем.

- Талгат мырза, кыргыздын комуз күүлөрү менен казактын домбыра күүлөрүндө окшоштуктар барбы?

-Окшоштуктар бар. Маселен комузду черт деген сөз казакта да домбыраны черт деп айтат. Казак, кыргыз күүлөрүнүн тарыхтары окшош. Бир гана өзгөчөлүк домбырада кыргыз комузчуларындай колду эркин ойното, черте албайсың. Бирок акыркы убакта казактын домбырачылары ага да аракеттерди жасап жатышат.

- Талгат мырза, өзүң чертип жүргөн Курмангазынын, Татимбеттин, Давлеткерейдин, Динанын күүлөрүн бүгүнкү казак жаштары кандай кабыл алышат?

-Бүгүнкү реп, поп, рок, эстрада музыкалары оору болду. Азыркы жаштарыбыз абалкы ырларыбызды, күүлөрүбүздү эстрадага салып жатышат. Бул жакшы . Бирок алар начар салууда. Бул туура эмес деп ойлойм.

- Талгат мырза, кыргыз окурмандарга каалоо, тилектериң болсо айта кетсең.

- Кыргыз калкына чоң рахмат. Эзелтен кыргыз, казак бир тууган элден. Алатоонун ар жагынан келсем да өз элиме келдим деп эсептейм. Мен бир боор элимди кыргыз, казактын элдик ырларын, күүлөрүн сүйүүгө чакырар элем. Эгерде эстраданы кубалап уксак эртең тилибизди, дилибизди унутуп, манкурт болуп калабыз. Ошондуктан элдик кереметтүү ырларыбызды, күүлөрүбүздү угалы, унутпайлы. Көзүбүздүн карегиндей сактайлы. Казактын бир боордоштугу бүгүнкүдөн да артып, ырыс алды ынтымакта, бир атанын балдарындай жашай берели.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG