Бул тууралуу Каржы жана экономика министрлигинин тышкы карыздар боюнча башкармалыгынын башчысы Эрнис Абдыразаков «Азаттыкка» бүгүн билдирди. Анын айтымында, Дүйнөлүк банк негизинен кыргыз тарап сунуштаган шарттарга макул болууда. Учурда тараптар программанын алкагында электр энергиясына бааны көтөрүүнүн мөөнөтү, өлчөмдөрү жана тармактагы карыздарды кыскартуунун мөөнөттөрү, суммалары боюнча орток пикир табууга аракет жасалууда.(TA)