Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:30

ЧЕЧЕНСТАН ӨЗҮНҮН МУНАЙ БАЙЛЫГЫНА ӨЗҮ КОЖОЮНДУК КЫЛУУНУ САМАЙТ, БИРОК МОСКВА БУГА КАРШЫ


Төрөкул Дооров, Москва Чечен жеринде өндүрүлүп жаткан мунай - Москвага ык алган чечен жетекчилиги менен орус өкмөтүнүн мамилелеринде пикир келишпестикти жараткан негизги маселелердин бири. Чечен өкмөтү кирешенин баарын согуштан кийинки республиканы кайра курууга жумшаш керек деп келатат. Ал эми Кремль ал байлыктарга көзөмөлдү колдон чыгарып жиберүүнү каалабайт.

Чеченстан эгерде өз аймагында өндүрүлүп жаткан мунайга өзү толук кожоюндук кылганда, андан түшкөн киреше республиканын келечектеги көрүнүшүн такыр өзгөртмөк.

Чеченстанда мунай секторунда иштеген расмий адамдардын биринин эсебинде, жылына мында өндүрүлүп жаткан 25 млрд.рубль киреше республиканын жылдык бюджетинен бир топ эле ашып түшөт.

Бирок орус өкмөтү Чеченстандын суранычын аткаргысы жок экенин ачык эле билдирген. Кайрымдуулук миссиясын аткарган тарап катары Москва 2006-жылы согуштан кийинки Чеченстанды кайра курууга 5 млрд.рубль бөлүп бергени маалым.

1970-жылдардын башында Чеченстан жылына 20 млн.тонна мунай өндүрүп турчу. Ал кезде чечен өндүрүшү Советтер Союзундагы авиацияны күйүүчү май менен камсыздап турган негизги тирөөчкө айланган. Бирок 80-жылдардын этек чендеринде чечен мунай өндүрүшүнүн көлөмү кескин төмөндөп, жылына 3 млн.тоннага түшүп кетти. Бул деле жеткен чеги болгон жок. 1996-жылдын октябрында АКШда чыккан отчетко ылайык, 1994-96-жылдардагы биринчи чечен согушу учурунда мунай өндүрүшү 2 млн.тоннадан да азайып кетти.

Андан кийин 1999-жылы башталган экинчи согуш учурунда да республиканын мунай өндүрүшүнө олуттуу залака келтирилген.

1999-жылдын этегинде мамлекетик «Роснефть» компаниясы чечен мунай инфраструктурасын кайра бутуна тургузууга 140 млн.рубль акча короткону айтылган эле. Бирок кийинчерээк анын укуктук статусу шек туудуруп, чечен жериндеги орус президентинин өкүлү Николай Кошман менен болгон бир топ чыр-чатактардан кийин, 2000-жылы майда, компания Чеченстандан такыр эле чыгып кетти.

Ошол эле жылдын июнунда орус президенти Владимир Путин Кошманды кызматынан кетирип, Ахмад Кадыровду өзүнүн өкүлү кылып дайындады. «Роснефть» кайра ишин баштайт. Ал эми августта Орусиянын вице-премьери Виктор Христенко эми чечен жериндеги мунай өндүрүшүн калыбына келтире турган мамлекеттик ишкана түзүлгөнүн кабарлаган.

Христенко анда «эми чечен мунайынан түшкөн бүт киреше республиканы кайра курууга жумшалат» дегени бар. Андай болбоду. Кийинчерээк чечен жеринде мунай өндүрүүнүн деңгээли улам көтөрүлө баштаганы кабарланып турду. Бирок 2004-жылы chechenpress.info интернет сайты эмнегедир ал мунайдын көлөмү менен кийин андан түшкөн киреше отросунда ажырым чоң болуп жатканын кабарлаган. Ал кабарда айтылгандай, эгер расмий маалыматта көрсөтүлгөн кирешени өндүрүлгөн мунайдын көлөмү менен салыштыра келгенде, ар бир баррель мунай 10-11 доллардан сатылган болот. Бирок ал тушта дүйнөлүк базарларда бир баррель мунай кеминде эле 25 жарым доллардын тегерегинде сатылчу.

Ал убакта Орусиянын Ички иштер министри болуп турган Борис Грызлов чечен жеринде мунай өндүрүшү «уюшкан кылмыштуулуктун» курмандыгына айланганын айтканы белгилүү.

Дүйнөдө мунайдын баасы улам кымбаттаган сайын Москва менен чечен расмий жетекчилиги ортосунда бул маселе боюнча талкуулар да кызый баштады.

Быйыл мартта чечен паралментинин төмөнкү палатасынын спикери Дукваха Абдурахманов журналисттерге билдиргендей, «Роснефть» жылына чечен жериндеги мунайдан 17 млрд.рубль киреше табат, бирок Чеченстандын бюджетине андан 30 млн.рубль гана түшөт. «Чечен парламенти бул суроону кайра орус жетекчилиги менен талкуулоону каалайт» деген эле спикер.

Кавказ боюнча эксперт Артем Улуняндын ишениминде, орус жетекчилиги эч качан чечен бийликтерине мунай боюнча көзөмөлдүктү берип койбойт.

- Анткени, орус бийлиги бир субъектке өзүндөгү тигил же бул кен-байлыкка көзөмөлдүктү толук берип койсо, башка субъектер да буга дилгир экендиктерин билдирип чыгышмак. Анын үстүнө, чечен жериндеги мунайга чечен бийликтери толук кожоюндук кылышса, Москва ага көзөмөлдү жоготуп коет. Москва чечен мунайынан түшүп жаткан киреше чын эле республиканы кайра курууга жумшалып жатканын деле дурусураак көзөмөлдөй албай калат. Жыйынтыгында, өлкөнү кайра курууга акча федералдык бюджеттен да, жергиликтүү бюджеттен да бөлүбөй калышы мүмкүн, - дейт москвалык эксперт Артем Улуньян.

Чечен жетекчилиги азыр өз аймагында өндүрүлгөн мунайдан көбүрөөк киреше алып эле тим болбостон, бул өндүрүшкө толук кожоюндук кылууну самап турат. Чеченстандын өндүрүш жана энергетика министри Амади Темишов жакында «Роснефтини» мунай өндүрүүдө «жапайы» ыкмаларга барып, жергиликтүү экологияга олуттуу зыян келтирип жатат деп сындады. Анын айтымында, эгер компания бул ыкмаларынан баш тартпаса, мунай өндүрүү эки жылдын ичинде болгону жарым млн.тоннага түшүп кетиши ажеп эмес.

XS
SM
MD
LG