Бишкек шаардык элге кызмат көрсөтүүчү тармактар жаңы жыл жана андан кийинки майрамдар мезгилинде күчөтүлгөн режимде иш алып барышмакчы. Бул тууралуу мэр Арстанбек Ногоев атайын көрсөтмө бергендигин мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Буга ылайык шаардыктарды жылуулук, суу, жарык жана газ менен камсыз кылуучу бардык ишканаларга 20-декабрдан тарта авариялык-резервдик бригадалардын ишин күчөтүп, түнү-күнү иш алып баруу тапшырылды. Ушундай эле тапшырма транспорт департаменти менен лифт кызматына да берилди.(ZKo)